Россия жакынкы беш жылга, 2026-2030-жылдарга миграциялык саясат планын бекитти. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду.
Документ укуктук актыларды жарыялоо үчүн kremlin.ru расмий сайтына жарыяланды.
“Тиркелген Россиянын 2026-2030-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясы бекитилди”, – деп айтылат жарыяланган документте.
Ал эми РБК басылмасы концепцияда айтылган божомолдорго таянып, миграциялык саясат башка нерселер менен катар мыйзамсыз мигранттардын жана чет өлкөлүк жарандардын арасындагы кылмыштуулуктун санын кыскартууга алып келери күтүлүп жаткандыгын жазды.
Мындан тышкары, улуттук коопсуздукка жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын пайда болушу миграциялык саясатты өркүндөтүүнү талап кылаары белгиленген.
“Бул саясат мыйзамсыз мигранттардын жана чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун санын кыскартууга тийиш”,- деп жазат басылма.
Мындан тышкары, күтүлгөн натыйжаларга төмөнкүлөр кирет:
-Россияда мыйзамсыз иштеген мигранттардын үлүшүнүн кыскарышы;
-Билим берүү мекемелерине барбаган мигрант балдардын санын кыскартуу;
-Россиянын жогорку окуу жайларында чет өлкөлүк студенттердин үлүшүнүн өсүшү;
-Максаттуу жалдоо программалары аркылуу ишке орношкон мигранттардын үлүшүнүн өсүшү;
-Салттуу орус баалуулуктарын бөлүшкөн жана Россияга биротоло көчүп келген чет элдик жарандардын санынын өсүшү.
Эскерте кетсек, 13-октябрда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин 2025-жылдын 5-февралында мыйзамсыз мигранттардын реестри иштей баштагандан бери миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңдин тегерегиндеги чет өлкөлүк жарандар Россиядан депортацияланганын билдирген.
Ал ошондой эле Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын маалымат базасында (көзөмөлдөгү адамдардын реестри) 1-сентябрга карата 770 миң адам бар экенин, алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар экенин баса белгилеген.
Кошумчалай кетсек, 11-сентябрдан тарта мыйзамсыз мигранттарга никени жана ажырашууну каттоого, балдарын бала бакчага жана мектепке киргизүүгө, айдоочулук күбөлүк алууга, унаа айдап, банк эсебин ачууга тыюу салынган.