Пхеньян Сеулдун эскертүүсүнөн кийин Түштүк Кореяны өзөктүк курал менен коркутту

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонсо, алардын режими ошол замат токтойт деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, эгер алар өзөктүк курал колдонушса, алар да эч ойлонбостон жооп кайтара турганын билдирди.

“Түндүк Корея өзүнүн душмандарынын чабуулдарына жооп катары, өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн. Мисалы Түштүк Кореяга каршы…”,-деген билдирүүсүн жарыялаган Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) маалыматтарына таянуу менен Reuters басылмасы жазды.

Түндүк Кореянын лидери түштүк кореялык кесиптеши Юн Сок Ёлдун 1-октябрдагы Аскердик күнүнүн урматына: “Эгер Түндүк Корея өзөктүк курал колдонууга аракет кылса, Түштүк Корея менен АКШдан чечкиндүү жана кыйратуучу жоопко туш болот жана ошол күнү Түндүк Кореянын режими жок болот”,-деген билдирүүсүнө жооп берди.

“Эгерде душман өтө акылсыздык менен ойлонбой туруп, КЭДРдин эгемендигине кол салса, анда биз, карамагыбыздагы бардык куралдарды, анын ичинен өзөктүк куралды да колдонуудан кайра тартпайбыз»,-деди Ким Чен Ын.

Ал буга чейин КЭДРге кол салуу болсо, өзөктүк курал колдоно тургандыгын айтып бир нече жолу эскерткен. Ушул жылдын 10-сентябрында Түндүк Кореяга коркунуч туудурган өзөктүк державаларга каршы туруу үчүн өздөрүнүн өзөктүк куралын даяр абалга келтирерин айткан.

Мындан үч күн мурда Ким Чен Ын өлкөсүнүн өзөктүк курал институтуна жана өзөктүк курал үчүн радиоактивдүү материалдарды чыгаруучу базага барганы белгилүү болгон. Ал жерде өзөктүк дүрмөттөрдү чыгаруу процесси менен таанышып, аны көбөйтүүнүн «узак мөөнөттүү планын түзгөн». Ал ошондой эле уранды байытуу базасындагы башкаруу борборун текшерип, “өзөктүк материалдарды өндүрүү тынымсыз кеңейип жатканына канааттанганы” айтылган.

Комментарий жиберүү