Кагылышуулардан жана табигый кырсыктардан улам дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 2023-жылы 75,9 миллионго жеткен.
Бул туурасында Ички жер которууну көзөмөлдөө борборунун (IDMC) сайтында жарыяланган докладда айтылат.
«Судандагы, Палестинадагы жана башка өлкөлөрдөгү чыр-чатактар жана зордук-зомбулуктар 2023-жылдын акырына карата дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 75,9 миллионго жеткирди, бул жаңы рекорд. Алардын 68,3 миллиону кагылышуулардын жана зордук-зомбулуктун натыйжасында үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 7,7 миллион адам табигый кырсыктардын натыйжасында жер котогон», – деп айтылат документте.
Билдирүүгө караганда, Суданда жер которгон адамдардын саны 2023-жылдын акырына карата 9,1 миллионду түзгөн, бул 2008-жылдан бери бир өлкөдө байкоолордун тарыхы боюнча эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми өлкөдөгү ички жер которгондордун саны алты миллионду түзгөн.
Докладда ошондой эле Газа тилкесиндеги согуштан улам 2023-жылдын акыркы үч айында 3,4 миллион адам жер которгондугу, бул жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча кагылышуулардан улам жер которгон адамдардын жалпы санынын 17%ын түзгөнү айтылат.
«Акыркы эки жылда биз чыр-чатактын жана зордук-зомбулуктун айынан, ал тургай абал жакшырып бараткан аймактарда да үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны көбөйгөнүн байкадык. Акыркы беш жылда чыр-чатактар жана зордук-зомбулуктан улам ички жер которгон адамдардын саны 22,6 миллионго же 49%га өстү, эки эң чоң өсүш 2022 жана 2023-жылдары болгон», – деп айтылат документте IDMC директору Александра Билактын сөзү.
Эске салсак, май айынын башында БУУнун Миграция боюнча Эл аралык уюму дүйнө жүзү боюнча 281 миллиондон ашык мигрант бар экенин, алардын 117 миллиону кагылышуулар, зордук-зомбулуктар жана табигый кырсыктардан улам жер которгондор экенин билдирген.