«Ресурс түгөндү». Иран менен болгон согуш АКШ үчүн күтүлбөгөн жагдайга алып келди

Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттердин төртүнчү жумасына карата кагылышуунун асимметриялык мүнөзү толук калыптанды. АКШ жана Израиль үчүн алгач чектелген алкакта кармалат деп эсептелген жаңжал бүтүндөй аймакты каптап, анын экономикалык кесепеттери глобалдык деңгээлге жеткени негизги көйгөй болду. Бирок Тегерандын түздөн-түз аскердик жообу да кыйла оор тийүүдө.

Жоготуулар

Жакынкы Чыгышта жаңжалдашып жаткан тараптардын баарында тең жоготуулар бар.

Иранда каза болгондор боюнча акыркы маалыматты өкмөт 7-мартта билдирген, анда 1300 адам каза болгону айтылган. Ал эми жалпы жабыркагандардын саны 18-мартка карата болжол менен 20 миңге жеткенин Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Алардын ичинен 1111и ооруканада жатат. Каза болгондордун арасында көптөгөн жай тургундар бар. Кыйроолор да бар: 61 миңден ашык жарандык объект зыянга учураганын буга чейин Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатиме Мохажерани билдирген.

Пентагон расмий түрдө 13 аскер кызматкеринин каза болгонун тастыктады. Жаракат алгандар болжол менен 200гө жетти. Ошондой эле АКШ беш учактан айрылды.

Жаңжалдын дээрлик бүткүл жүрүшүндө америкалык жетекчилик жана Пентагондун өкүлдөрү Ирандын абадан коргонуу системасы толук басылганын кайра-кайра билдирип келишкен. Бирок өткөн жумада ирандык ракета бөлүктөрү тарыхка кире турган окуяны жасай алды. Алар бешинчи муундагы америкалык F-35 согуштук учагын бутага алышты. Бул учактар 2018-жылдан бери согуштук операцияларга катышып келет жана буга чейин бир да жолу душмандын огунан жабыркаган эмес.

Учагынын абалы белгисиз. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматы боюнча, учак авариялык конууга мажбур болгон. Окуянын деталдары жашыруун сакталууда, бирок CNN булактарына таянып, учакка абадан коргонуу ракетасы тийгенин маалымдаган.

Ошондой эле белгилүү америкалык MQ-9 Reaper учкучсуз аппараттары да байма-бай атып түшүрүлүүдө. ABC News маалыматына ылайык, кеминде 12 аппарат жок кылынган.

Бүткүл аймакка жайылган жаңжал

Пентагонго негизги зыянды Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана Иран армиясы аймактагы аскер базаларын ракета жана дрондор менен аткылоо аркылуу келтирүүдө.

The New York Times басылмасынын 11-марттагы маалыматына ылайык, Тегеран АКШнын 17 объектисине сокку урган. Биринчи эле күнү Сауд Аравиясындагы Принц Султан авиабазасы, Кувейттеги Али Аль Салем жана Кэмп-Бьюринг, ошондой эле Катардагы Аль-Удейд бутага алынган. Кийинчерээк БАЭдеги Аль-Дхафра базасында жана Джебель Али портунда, Бахрейндеги АКШнын 5-флотунун штабында, Кувейттеги Кэмп-Арифджан базасында жана Эш-Шуайба портунда, Иорданиядагы Муваффак Салти аэродромунда, Ирактын Эрбил шаарында, ошондой эле Кувейттеги Умм-Дахалада, БАЭдеги Ар-Рувайс жана Аль-Садер объекттеринде соккулар катталган. Айрым буталарга кайра-кайра сокку урулган.

Мындан тышкары, Иран Кувейттеги жана Сауд Аравиясындагы АКШ элчиликтерине, ошондой эле БАЭдеги консулдукка чабуул койгон.

ABC News белгилегендей, Ирандын чабуулдарында кеминде он радар жабыркаган, алардын ичинде аймактагы THAAD абадан коргонуу системаларынын ишин камсыздаган AN/TPY-2 жана AN/FPS-132 системалары да бар. Бул соккулар АКШ жана анын союздаштарынын абадан коргонуу жөндөмүнө канчалык таасир эткенин так баалоо кыйын.

Пентагон жана анын өнөктөштөрү мындай асимметриялык аракеттерди күтүшкөн эмес жана кымбат ракеталарды арзан дрондорго каршы колдонууга аргасыз болушууда: Patriot системасынын бир ракетасы 12 миллион доллар, THAAD — 15 миллион, ал эми иран дрондорунун баасы эң көп дегенде 70 миң доллар. Көп учурда бир бутага бир нече ракета сарпталат. Алардын жетишсиздиги аймактагы аскер объекттерин алда канча алсыз кылууда.

«Мен Ирандагы жер алдындагы ракета базаларынын видеолоруна таянып, Тегерандын баллистикалык ракеталары Батыш ойлогондон да көп деп эсептейм. Ал эми баллистикалык ракеталарга каршы күрөшүүдөгү эки негизги система — THAAD жана Patriot — иш жүзүндө өз ресурстарын түгөттү», — деп билдирген ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Джонсон.

Давид Нармания