Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.
Россиялык лидер бул ниети тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен маектешүү учурунда айткан.
«Биз дайыма байланышып турабыз, бирок алдыда дагы Бишкекте боло турган ЖККУ форумунда кездешебиз», – деди Путин Токаевге.
Буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмағамбетов Уюмдун уставдык органдарынын жыйыны жана Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте болорун маалымдаган.