Россия Африка өлкөлөрүнө 5 миңден ашык бюджеттик (акысыз) орун бөлдү. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков Москвада ачылган «Россия — Африка Экспо-2025» көргөзмөсүндө билдирди.
Анын айтымында, быйыл африкалык өлкөлөрдөн россиялык жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 40 миңден ашык өтүнмө түшкөн — бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Эң көп арыз берген өлкөлөр — Судан, Гвинея, Гана жана Чад болду.
Примаков Россиянын Африка мамлекеттери менен гуманитардык кызматташтыгы кеңейип жатканын белгиледи:
«Азыркы учурда биз беш негизги өлкөдө — Египетте, Замбияда, Танзанияда, Түштүк Африка Республикасында жана Эфиопияда — активдүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз», — деди ал.
Ошондой эле ал Россиянын континенттеги маданий жана билим берүү таасирин бекемдөөгө жардам бере турган жаңы борборлор тармагын өнүктүрүү пландарын жарыялады.
«Партнердук “Орус үйлөрү” программасынын алкагында Африканын ар кайсы өлкөлөрүндө жайгашкан 14 борбор менен келишим түзүлгөн», — деп кошумчалады Примаков.
Анын айтымында, «Орус үйлөрү» тармагынын кеңейиши африкалык жаштардын орус тилине жана Россиядагы билим алууга болгон кызыгуусунун өсүшүнө түз байланыштуу.
«Орус тилинин курстары Африканын көп өлкөлөрүндө иштейт. Аларга катышуу орус стипендияларына, университеттерге, жаңы карьерага, социалдык өсүүгө жана башка жашоого жол ачат», — деди ал.
Примаков ошондой эле Россотрудничество Африка өлкөлөрүнүн гана эмес, Түндүк Кореядан келген студенттердин да Россиядагы жогорку окуу жайларында акысыз билим алуусуна жардам берерин билдирди.
«Квотаны көбөйтүү боюнча суроо бар жана бул биздин өкмөт тарабынан колдоого алынган. Жакынкы убакта анын көбөйтүлүшү тууралуу жарыялайбыз», — деп билдирген Примаков июль айында.
Анын айтымында, түндүк кореялык студенттер техникалык адистиктерге өзгөчө кызыгышат жана өтө таланттуу болушат.
Мындан тышкары, Примаков Афганистандын жарандарына да Россияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берүү даярдыгы бар экенин белгилеген.
«Бул үчүн талибдердин ачык жана түшүнүктүү чечими, ошондой эле жаштарды окууга жиберүүгө макулдугу керек», — деди ал.