Иранга касташкан тышкы күчтөр коомдогу чыңалууну пайдаланып, иран мамлекетин туруксуздаштырууга аракет кылып жатышат жана «түстүү революциялардын» белгилүү ыкмаларын колдонушууда. Бул тууралуу Ирандагы нааразылык акцияларынын айланасындагы кырдаалга комментарий берип жатып, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Ал Вашингтондун ислам республикасынын аймагына аскердик сокку уруубуз мүмкүн деген коркутууларын таптакыр жол берилгис деп атады.
«Мында күчөп жаткан коомдук чыңалууну Иранга касташкан тышкы күчтөр иран мамлекетин туруксуздаштыруу жана кыйратуу максатында колдонууга аракет кылышууда. “Түстүү революциялардын” кеңири белгилүү ыкмалары колдонулууда: чет өлкөдөн көрсөтмө алган, атайын даярдыктан өткөн жана куралданган чагымчылардын аракеттери менен тынч нааразылык зордук-зомбулукка, акылга сыйбаган башаламандыкка, талап-тоноого, тартип сакчыларынын жана жөнөкөй жарандардын, анын ичинде балдардын өлтүрүлүшүнө айланууда», — деди Захарова Ирандагы антиөкмөттүк нааразылык акциялары башаламандыкка айланып кеткен жагдайга комментарий берип жатып.
Анын айтымында, Россия Ирандын ички саясий процесстерине багытталган бузукулук мүнөзүндөгү тышкы кийлигишүүнү чечкиндүү түрдө айыптайт.