Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө. Себеби

 Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларында күжүрмөн даярдыкты күчөтүүдө.

Бул тууралуу РФ Коргоо министри Сергей Шойгу Нью-Делиде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда айтканын “РИА Новости” агенттиги жазды.

Ал бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканы менен байланыштырган.

“АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатыбыз”, – деген Шойгу.

Ошол эле учурда ал НАТО өлкөлөрү ооган жергесинде турган өздөрүнүн 20 жылдык кадамдарынан жана өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки ал жакта жаралган кырдаалга жоопкерчиликтүү экенин белгиледи.

“Алар жаңжалдан кийинки калыбына келтирүүнүн негизги каржылык чыгымдарды өздөрүнө алышы керек”, – деди Россиянын Коргоо министри.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *