Россия менен Азербайжандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырышты. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин чыңалуусуна 27-июнда Екатеринбург шаарында Россиянын Тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан азербайжан диаспорасынын өкүлдөрүнүн кармалышы себеп болду. Алар 2000-жылдары жасалган киши өлтүрүүлөргө шектелип жаткан. Рейд жана камоолордун жүрүшүндө эки адам каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алган.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы өз жарандарын “атайылап өлтүрүү” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары, 30-июнь жана 1-июль күндөрү Азербайжандын укук коргоо органдары Баку шаарында “Россия сегодня” агенттигинин Sputnik Азербайжан бөлүмүнүн жети кызматкерин кармашты. Алар алдамчылык, мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүү жана кылмыштуу жол менен алынган мүлктү легалдаштыруу боюнча айыпталууда.
Азербайжан Россиянын элчисин чакырды
Россиянын Бакудагы элчиси Михаил Евдокимов 2-июлда Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, орус тараптын “достук эмес кадамдарына” нааразылык билдирилгенин Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“2-июлда Россия Федерациясынын Азербайжандагы элчиси Михаил Евдокимов Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Министрдин орун басары Араз Азимов менен жолугушууда орус тараптын эки өлкөнүн мамилесине доо кетирип жаткан достукка жатпаган аракеттерине жана кадамдарына байланыштуу каршы тарапка нааразычылык билдирилди”, — деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, Азербайжандагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Екатеринбургдагы бир катар адам өлтүрүүгө катыштыгы бар адамдардын өлүмүнүн себептери боюнча Россия Федерациясы тарабынан берилген түшүндүрмөлөргө дал келбейт деп билдирди. Баку кайрадан “орус тараптан Екатеринбургдагы окуя боюнча объективдүү жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү талап кылды”.
Ведомство ошондой эле россиялык ЖМКларда “этникалык сабырсыздыктын көрүнүштөрү байкалып” жатканын, азербайжандарга карата “этникалык кылмыштуу топ” сыяктуу сөздөрдү колдонууга жол берилбестигин белгиледи.
Мындан тышкары, Sputnik Азербайжан агенттигинин Баку редакциясынын айланасындагы кырдаал талкууланды. Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, азербайжан тарап улуттук мыйзамдардын чегинде иш алып барган жана бул маселе боюнча “орус расмийлеринин билдирүүлөрүн негизсиз” деп эсептейт.
Баку ошондой эле өткөн жылдын аягында Азербайжан аба жолдорунун учагы менен болгон окуя боюнча “толук жана ачык иликтөө” жүргүзүү, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жазалоо жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү талабын кайталады.
“Бул кадамдар эки тараптуу мамилелердеги терс атмосфераны жоюу үчүн өтө маанилүү”, – деп ырастады республиканын Тышкы иштер министрлиги.
Чыңалуу эмнеден башталган?
Москва менен Бакунун мамилеси 27-июнда Екатерингбурда 50дөн ашык азери тектүү жарандардын кармалышынан кийин чыңалган. Алар 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү фактыларына байланышы бар деп шектелген. Кармоо учурунда эки шектүү каза болгон. Алардын сөөгү Екатеринбургдан Бакуга жеткирилип, андан соң соттук-медициналык экспертиза зомбулуктун издери бар экенин айтып, орус тарапка нааразычылыгын билдиришкен. Баку бул үчүн күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылган.
Бул камоолорго байланыштуу Россиянын Азербайжандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Петр Волоков Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, орус тарапка катуу нааразычылык билдирилген.
Республикада Россия Федерациясына байланыштуу иш-чаралар токтотулган. Азербайжандын Башкы прокуратурасы да Екатеринбургда өз жарандарын “атайылап өлтүрүү” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, ага россиляк укук коргоо органдарынын кызматкерлери катыштыгы бар деп билдирген.
Чатактан улам Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун Бакуга сапары токтотулуп, Азербайжандын парламенттик делегациясы да Москвага баруудан баш тарткан.
30-июнда Азербайжандын ИИМи Бакудагы Sputnik агенттигинин кеңсесинде “операция” жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. Кийинчерээк россиялык журналисттер Игорь Картавых менен Евгений Белоусов кармалып, төрт айга камакка алынган. 1-июлда Ички иштер министрлиги жалпы жети адам кармалганын билдирген. Аларга “алдамчылык, мыйзамсыз ишкердик жана кылмыш жолу менен алынган мүлктү легалдаштыруу” беренелери боюнча айып тагылган.
Россиянын аракеттери
1-июлда Азербайжандын Москвадагы элчиси Рахман Мустафаев Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ал Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин менен жолугушканын орус ЖМКлары маалымдашкан. Ага Бакуда кармалган россиялык журналисттерди тез арада бошотууну талап кылган вербалдык нота тапшырылган. Дипломатка ошондой эле Бакунун эки тараптуу мамилелерди бузуу боюнча атайылап кадамдарына байланыштуу нааразылык билдирилген.
Дипломатиялык ведомство жакында Екатеринбургда этникалык топтун өкүлдөрүнүн кармалышы боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан жасалган иш-аракеттер “кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында Россиянын мыйзамдарына толук ылайык жасалганы” баса белгиленген.
Күн мурун Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Азербайжанда кармалган жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын дипломатиялык каналдар аркылуу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып коргой турганын журналисттерге билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Россия Азербайжан тарапты мамлекеттер аралык мамилелерди расмий документтерде жазылган стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине кайтаруу үчүн чараларды көрүүгө чакырарын брифингде билдирди.