Россия менен Иран тарыхый документке кол коюшат

Россия менен Иран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимин даярдоону аякташты, тарыхый кол коюу жакында болот.

Бул тууралуу Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.

“21-июнда Москвада болуп өткөн эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин юридикалык жана аймактык бөлүмдөрүнүн эксперттеринин абдан жемиштүү консультацияларынын жүрүшүндө анын текстин жыйынтыктоого мүмкүн болду. Алардын жыйынтыгы боюнча жогорку деңгээлдеги эң жакынкы эки тараптуу байланыштардын биринин алкагында макулдашууну кол коюуга даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды баштоо макулдашылды. Жакынкы келечекте бул чыныгы тарыхый окуяга күбө болобуз деп ишенебиз», – деди министрдин орун басары.

Ал орус-иран мамилелеринин статусун ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө багытталган мындай көрүнүктүү документ боюнча редакциялык иш дээрлик эки жарым жылга созулулганын жана бүгүнкү күндө аны аяктады деп эсептесе болорун белгиледи.

Буга чейин IRNA агенттиги Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Тегеран октябрда Казанда өтө турган БРИКСтин саммитинде Москва менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюуга даяр экенин билдиргенин кабарлаган.

Комментарий жиберүү