Россия менен Түндүк Корея жаңы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту

Россия менен Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын Пхеньяндагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту, деп билдирди РИА Новости агенттиги.

РФ президенти даярдалган документти фундаменталдуу деп атап, анын негизинде Москва менен Пхеньяндын келечектеги кызматташуусу турарын белгиледи.

Жаңы келишим негизги документтерди – 1961-жылдагы достук жана өз ара жардамдашуу келишимин, 2000-жылдагы достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимди, ошондой эле 2000 жана 2001-жылдардагы Москва жана Пхеньян декларацияларын алмаштырат.

Кремлдин өкүлү белгилегендей, жаңы документ эл аралык укуктун бардык негизги принциптерине ылайык келет, эч кандай конфронтациялык мүнөздө болбойт жана эч бир өлкөгө каршы багытталбай, Түндүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндө көбүрөөк стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталат.

Россиянын президенти Владимир Путин акыркы 24 жылдан бери биринчи жолу эки күндүк мамлекеттик сапар менен Корея Элдик Демократиялык Республикасына 18-июнь күнү кечинде барган.

Пхеньяндагы расмий жолугушуудан кийин “Кымсусан” мамлекеттик резиденциясында эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда орус-корея сүйлөшүүлөрү бир жарым саатка жакын созулду.

Анан жүрүшүндө КЭДР лидери Россиянын дүйнөдөгү ролун белгилеп, атайын аскердик операциясын колдой турганын билдирди.

“Корея Элдик Демократиялык Республикасынын өкмөтү дүйнөдөгү стратегиялык теңдештик менен туруктуулукту сактоодогу күчтүү Россиянын маанилүү миссиясы менен ролун баалайт. Ошондой эле Россиянын өкмөтүнө, армиясына жана элине көз карандысыздыкты, коопсуздук кызыкчылыктарын ошондой эле аймактык бүтүндүктү коргоо үчүн Украинада жасалып жаткан атайын операцияны жүргүзүүдө толук колдоо жана тилектештигин билдирет”, – деп белгиледи Ким Чен Ын.

Ал дүйнөдө кырдаал тездик менен өзгөрүп, татаалдашып баратканын, бул шарттарда Пхеньян Москва менен стратегиялык байланышты бекемдөө ниетинде экенин кошумчалады.

Ким Чен Ын КЭДР Россиянын бардык саясатын эч кандай шартсыз колдойт деп ишендирди.

РФ лидери өз кезегинде Москва Пхеньяндын ырааттуу жана өзгөрүүсүз колдоосун, анын ичинде Украина багытында көрсөткөн колдоосун жогору баалай турганын белгиледи.

Ал кийинки жолугушуу Россияда болот деген үмүтүн билдирди.

Андан соң тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөр өтүп, ал эки саатка созулду.

Андан ары мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, андан соң бири-бири менен баарлашууну улантат деп күтүлүүдө. 

Комментарий жиберүү