Россия “Талибанды” террорчулардын тизмесинен чыгарды. Талиптердин кубаттоосу

17-апрелде Россиянын Жогорку Соту 20 жылдан ашуун террордук уюмдардын тизмесинде турган “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды.

“Россия Федерациясынын Жогорку сотунун чечими менен террордук деп таанылган уюмдардын бирдиктүү федералдык тизмесине кирген “Талибан” кыймылынын ишмердүүлүгүнө мурда белгиленген тыюу салуу токтотулду”, – деп сот Олег Нефедов билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Жыйын жабык эшик артында өттү. Бул чечим 2024-жылдын декабрында күчүнө кирген, террористтик тизмеге кирген уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну убактылуу токтотууга мүмкүндүк берген мыйзам ченеминин алкагында биринчи чечим болду. Чечим дароо күчүнө кирет.

2024-жылдын декабрынын аягында РФ президенти Владимир Путин террордук уюмдардын бирдиктүү тизмесине кирген уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн белгилеген мыйзамга кол койгон.

Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий билдиргендей, бул нормалар Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылы менен мыйзамдуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, террордук деп таанылган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу чечими Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун же анын орун басарынын арызынын негизинде сот тарабынан кабыл алынат. Бул түзүм террордук ишмердүүлүктү, терроризмди үгүттөөн, терроризмди актоо жана колдоону же башка кылмыштуулукту токтоткондугу тууралуу маалымат болгондо мүмкүн.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Жогорку соттун талиптердин ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу Кабул менен орус жана ооган элдеринин кызыкчылыгы үчүн толук кандуу өнөктөштүктү орнотууга жол ачат деп билдирди.

“Талибанга” Россияда 2003-жылдан бери тыюу салынып келген.

Талибандын кубаттоосу

“Талибан” кыймылы Россиянын Жогорку Сотунун Россиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу чечимин кубаттап, бул эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү үчүн рационалдуу жана өтө зарыл чечим болгонун билдирди.

Бул тууралуу Катардагы Талибандын саясий бюросунун башчысы, Ооганстандын бул өлкөдөгү элчиси Сухейл Шахин бейшемби күнү РИА Новости агенттигине билдирди.

“Биз Орусиянын Жогорку сотунун бул рационалдуу чечимин кубаттайбыз. Бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана мамилелерди чыңдоо үчүн өтө зарыл болчу”, – деди Шахин.

Ал эки өлкө өз ара мамилелериндеги бардык тоскоолдуктарды жоюп, кызматташуунун багыттарын аныктоодо жана практикалык чараларды көрүүдө алдыга жылышы керектигин белгиледи.

“Алдыдагы жылдар эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамилелердин жана кызматташтыктын өнүгүшүнө күбө болот деп ишенем”, – деп кошумчалады кыймылдын Саясий бюросунун жетекчиси.

Талибан жетектеген өкмөттөгү Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Амир Хан Моттаки кыймылдын Россиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу чечимин кубаттап, бул мамилелерди өнүктүрүү үчүн перспективаларды ачарын белгиледи.

“Бул абдан жакшы чечим. Бул биздин мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүүсү үчүн перспективаларды ачат. Акыркы төрт жылда орус-ооган байланыштары түз мааниде күн сайын, жума сайын жана ай сайын өнүгүп келе жатат. Ишеним өстү, соода өнүктү жана бул тенденция мындан ары дагы уланат”, – деп белгиледи ал “Россия-1” телеканалына берген комментарийинде.

Талиптердин өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Мужахид Россиянын чечимин маанилүү кадам деп эсептеп, Кабул менен Москванын ортосунда толук кандуу дипломатиялык жана экономикалык мамилелердин өнүгүшүн күтөт деп ТАСС агенттигине билдирди.

“Келечекте Ооганстан менен Россия экономикалык жана дипломатиялык чөйрөдө сөзсүз жакшы мамиле түзүшөт”, – деди ал.

Забихулланын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин Ооганстанга карата туура саясат жүргүзүп жатат.