Россия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр

С. Лавров Россиянын Украина боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.

Газета.Ru маалымдагандай, бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Дипломатиялык кызматкерлер күнүнө арналган салтанаттуу жыйында сүйлөп жатып билдирди.

«Президент Владимир Путин муну көп жолу белгилегендей, Россия сүйлөшүүлөргө даяр, бирок анда биздин мыйзамдуу улуттук кызыкчылыктарыбыз камсыздалышы керек», – деди министр.

Лавров сүйлөшүүлөр башка катышуучулардын кызыкчылыктарынын эсебинен жүргүзүлбөшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, алар ар тараптуу коопсуздук системасы боюнча макулдашуунун негизинде өтүшү зарыл.