Садыр Жапаровдун Бельгияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна болгон иш сапарын аяктап, 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кеңири чөйрөдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуунун келечеги, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, инвестицияларды тартуу, тоо-кен өнөр жай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, жашыл экономика, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошол эле Брюсселде Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барды.

Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды – биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды – жеткирүүнү координациялайт.

ERCC суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Ал улуттук бийликтердин же БУУнун органынын өтүнүчү боюнча ири табигый кырсыктан жапа чеккен ЕБ ичиндеги же тышындагы каалаган өлкөгө жардам бере алат.

Комментарий жиберүү