Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бүгүн, 18-апрелде Сириянын борбору Дамаскка сапары менен барат, бул падышалыктан расмий адамдын 2011-жылдан бери Сирияга жасаган биринчи сапары болот.
Бул тууарлуу РИА Новостиге маалымдар булак билдирди.
“Саудиялык конок түшкөн учак саат 14:30дар чамасында Дамаск эл аралык аэропортуна конот, андан кийин ал Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушуу үчүн президенттик сарайга барат”, – деп билдирди булак.
Булактын айтымында, саудиялык министр ошондой эле сириялык кесиптеши Фейсал Микдад менен да жолугат.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сириянын президенти Башар Асадга падышачылыкка чакыруу катын берерин Al-Mayadeen телеканалы булактарга таянуу менен билдирди.
Маалымат булактарынын айтымында, Асаддын Сауд Аравияга сапары Орозо айттан кийин болушу мүмкүн.
Сирия Араб мамлекеттеринин лигасына кайтарылышы мүмкүн
Өткөн аптада Сириянын ТИМ башчысы Фейсал Микдад саудиялык кесиптешинин чакыруусу менен Сауд Аравияга жумушчу сапары менен барган. Бул Сириядагы жаңжал башталгандан бери сириялык аткаминердин падышалыкка жасаган биринчи сапары болуп саналат.
Сапардын жыйынтыгында тараптар аба каттамдарын жана эки өлкөнүн консулдуктарынын ишин жандантуу, ошондой эле Сирияда саясий жөнгө салуу жана сириялык качкындардын мекенине коопсуз кайтып келүүсүн камсыз кылуу боюнча макулдашышкан.
Андан соң Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин алты өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери Сауда Аравиянын Жидда шаарында чогулушту. Арабдык консультациялар 2,5 саатка созулуп, ишемби күнү эртең менен аяктаган. Жолугушуунун жыйынтыгында алар Сирияны “араб шериктештигине кайтууга” чакырып, өлкөдөгү гуманитардык кризисти жөнгө салуу зарылдыгын айтышып, Сирия кризисин токтотууда араб өлкөлөрүнүн лидерлик ролун аткарууга чакырышты.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине Сауд Аравия, Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман жана БАЭ кирет. Жыйынга Ирак, Египет жана Иорданиянын тышкы иштер министрлери да катышкан.
Сириянын Араб Лигасына мүчөлүгү 2011-жылы ноябрда өлкөдө куралдуу кагылышуу башталгандан кийин тоңдурулган. Бир катар араб өлкөлөрү Дамасктан элчилерин чакыртып алган. Анда Сириянын жетекчилиги панарабдык уюмдун ишине катышууну токтотуу жөнүндөгү араб министрлеринин чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, аны кабыл албай тургандыгын билдирген. Бирок араб дүйнөсүнүн негизги өлкөлөрүнүн бири жөнүндө сөз болуп жатканына карабастан, Араб Лигасы Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө иш жүзүндө катышкан эмес.