Сингапурда эки мунай ташыган танкер өрттөнүп кетти

Сингапурдун Педра Бранка аралынан 55 км түндүк-чыгышты карай эки мунай танкери күйүп жатканын Рейтер агенттиги билдирди.

Hafnia Nile кемесинин ээси ал Ceres I менен кагылышканын айтты. Hafnia Nile кемесинин бардык 22 жана Ceres I кемесинин 40 экипаж мүчөсү куткарылды, деп билдирди Сингапурдун порттор жана деңиз иштери боюнча башкармалыгы.

Сингапур деңиз флоту тараткан сүрөттөрдө бир танкерден коюу кара түтүн чыгып, экипаж  куткарылып, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Коңшу Малайзиянын айлана-чөйрөнү коргоо органдары аларга мунай төгүлгөн учурда мындан аркы чараларды көрүүгө даярдануу боюнча маалымат берилгенин билдирди.

Белгиленгендей, окуя Кытай, Жапония жана Корея Республикасына Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштырган дүйнөдөгү эң көп жүк ташуучу каттамдардын биринде болгон.

Комментарий жиберүү