Сириянын батышындагы аль-Кардаха шаарында Абу Мухаммад аль-Жуланиге караштуу күчтөрдүн демонстранттарды көздөй ок атуусунан бир адам каза болуп, бешөө жарадар болду.
Бул тууралуу сириялык булактар Al-Mayadeen агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, демонстранттарга окту “Хаят Тахрир аш-Шамдын” лидери Абу Мухаммад аль-Жуланиге (Ахмад аш-Шараа) караштуу «Аскердик операциялар башкармалыгы» тобу чыгарган.
Маалымдар булактардын айтымында, “Аскердик операциялар башкармалыгынын” элементтери өлкөнүн мурдагы режим күчтөрүнөн мурдагы офицердин үйүн басып алууга аракет кылгандан кийин эл аларга каршы чыгып, анын кесепетинен кагылышуу башталган.
Бул кагылышуулардан кийин ондогон адамдар шаардагы аль-Жуланиге тиешелүү күчтөрдүн заставасынын жанында демонстрация өткөрүшкөн.
Ошол эле маалда Латакия жана Хомс провинцияларынын бир нече аймактарында камоолордун чоң толкуну болуп, коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жаратканы маалымдалат.