Эл аралык NetBlocks интернет көзөмөлдөө кызматы Сирияда жалпы улуттук интернет жабылганын кабарлады.
Мониторинг кызматы бул тууралуу X социалдык тармагы аркылуу билдирди.
“Түз эфирдеги маалымат бүткүл Сирия өлкөсү боюнча интернет өчүрүлгөнүн көрсөтүп турат”, – деп жазат басылма.
NetBlocks ошондой эле бир нече шаарларга электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыгы тууралуу кабарлар тастыкталганын белгиледи. Бирок чоң масштабдагы иштен чыгуунун себептери көрсөтүлгөн эмес.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айынын башында Сириядагы кырдаал курчуп, өлкөнүн жаңы бийлигинин тарапкерлери менен мурдагы президент Башар Асаддын тарапташтарынын ортосунда кагылышуулар болгону интернет желелери аркылуу чагылдырылган.
Ага чейин 8-декабрда сириялык козголоңчулар президент Асаддын режимин кулатканын мамлекеттик телеканал аркылуу жарыялашкан.
Сириядагы мамлекеттик өзгөрүүлөр менен кошо өлкөнүн жаңы президенти Ахмед аш-Шараанын жаңы өкмөттүк админстрациясынын саясий кадамдары да интернет аркылуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турган.