Сириянын президенти Москвага келди. Путин менен аш-Шараа эки жарым сааттан ашык убакыт эмне жөнүндө сүйлөштү

Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа 15-октябрь күнү расмий сапар менен Москвага келди. Ал Россияга биринчи жолу келип, Кремлде президент Владимир Путин менен жолугушту.

Путин менен аш-Шараа араб республикасында бийлик алмашкандан кийин алгач ирет жүзмө-жүз жолугушту. Сүйлөшүүлөр эки жарым сааттан ашык созулду. Эки өлкөнүн лидерлери алгач тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, андан соң жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланды.

Сириянын лидери өлкө бийлиги Россия менен мамилелерди кайра жандандырууга аракет кыла турганын белгиледи. Ал ошондой эле Москва менен Дамасктын тарыхый байланыштарын жана сириялык бийликтин саясий максаттарга жетүү боюнча аракеттерин баса белгиледи.

Москвага сапар алдында аш-Шараа Сирия Россия менен тынч мамилелерди орнотконун белгилеген. Анын айтымында, Дамасктын Москва менен болгон алакалары Батыш жана өзгөчө АКШ менен болгон өз ара аракеттерине каршы келбейт.

Аш-Шараа 2024-жылдын декабрында Башар Асаддын өкмөтү кулатылгандан кийин Сириянын башына келген. Асад үй-бүлөсү менен кошо Россиядан башпаанек алган.

2025-жылдын январында россиялык делегация Дамаскка барган. Бир ай өткөн соң Путин Ахмед аш-Шараа менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүү маалында Россия лидери Москва Сирияны колдоону жана ага гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантарын баса белгилеген.

Россия Сириянын Тартус жана Хмеймим шаарларында аскердик базаларын сактап келет. Бирок Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алардын функционалдык ролун кайра кароонун зарылдыгын белгилеген.