Сириянын президенттик администрациясынын башчылыгына Ахмед аш-Шараанын иниси дайындалды

Сириянын президентинин аппаратынын жетекчиси болуп Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин бүтүрүүчүсү, кесиби боюнча гинеколог, 52 жаштагы Махер Хусейн аль-Шараа дайындалды. Ал Сириянын президентинин милдетин аткаруучу Ахмед аш-Шараанын иниси.

Бул тууралуу Al-Araby агенттиги кабарлады.

Махер Хусейн аль-Шараа «Н.Н. Бурденко» атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык академиясында жалпы медицина боюнча 2000-жылы билим алган. 13 жылдан кийин медицина илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактап, квалификациясын жогорулаткан. 2014-2021-жылдары гинеколог болуп иштеп, Воронеж шаарындагы Жол-клиникалык ооруканада бөлүмдү жетектеген жана Орусия темир жолунун №1 поликлиникасында аялдардын консультациясын жетектеген.

Ал эми Ахмед аш-Шараа марттын аягында жаңы министрлер кабинетин түзөрүн жарыялап, аны түзүү жана өзгөртүү өкмөтү деп атаган.

Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери Асад Хасан аш-Шибани жана өткөөл өкмөттүн Коргоо министрлиги Мурхаф Абу Каср өз кызматтарын сактап калышканы белгиленген.

Ички иштер министри болуп башкы чалгын кызматынын жетекчиси кызматын ээлеген Анас Хасан Хаттаб дайындалган.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция Дамаскты басып алганын жана мурунку өкмөттүн кулаганын жарыялаган.

Сириянын мурдагы президенти Башар Асад Москвадан саясий башпаанек алган.

Мурда Абу Мохаммед аль-Джулани деген ат менен белгилүү болгон Аль-Шараа 29-январда Сириянын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.