Сирия бийлиги Асаддын тарапкерлерине каршы операция аяктаганын жарыялады

Сириянын жаңы бийликтери өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асаддын тарапкерлерине каршы аскердик операция аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

“Биздин күчтөр Латакия провинциясынын Аль-Мухтария, Аль-Мазайра, Аз-Зобар жана башка жерлеринде, ошондой эле Тартус провинциясынын Далия, Танита жана Кадмус шаарларындагы коопсуздук ячейкаларын жана мурдагы режимдин калдыктарын зыянсыздандыруу менен коркунучтардын алдын алып, аймактын коопсуздугун камсыздады”, — деди Сириянын Коргоо министрлигинин өкүлү полковник Хасан Абдул Гани.

Анын айтымында, «мамлекеттик мекемелер азыр ишин улантып, жарандарга керектүү кызматтарды көрсөтө алышат. «Биз кадимки жашоого кайтууга даярданып жатабыз», – деп кошумчалады ал.

Гани баса белгилегендей, кийинки этапта коопсуздук кызматтары туруктуулукту бекемдөөгө, коопсуздукту камсыздоого жана жарандардын жыргалчылыгын коргоого басым жасайт.

Ошондой эле кулатылган режимдин калдыктары менен күрөштү улантуу, мүмкүн болуучу коркунучтарды жоюу жана кылмыштуу топтордун кайра түзүлүшүнө жол бербөө боюнча жаңы пландар иштелип жатканы кабарланды.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 8-декабрына караган түнү Дамаскка куралдуу оппозициялык топтор кирип келип, Асаддын режими кулатылганын жарыялашкан. Экс-президент өлкөдөн чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан.