Сириянын өткөөл өкмөтүнүн башчысы Мохаммед аль-Башир оор экономикалык кырдаалдан улам өлкөнүн тоңдурулган тышкы активдерин боштууга жана республикага киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды.
“Биз эл аралык коомчулукту Сириянын тоңдурулган активдерин бошотууга чакырабыз”,- деди ал Al Jazeera агенттигине берген маегинде.
«Сирияда каржылык резервдер абдан аз жана сириялык валюта түшүп жатат», – деп кошумчалады ал.
Аль-Башир ошондой эле экономиканы колдоо жана инвестицияны стимулдаштыруу үчүн Сирияга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салуу зарылдыгын билдирди.