“Хайат Тахрир аш-Шам” террордук тобунун башчысы Абу Мухаммад аль-Жулани согушкерлер Сирияга чабуул баштагандан бери биринчи жолу алардын максаты Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кулатуу экенин мойнуна алды, деп америкалык CNN телеканалы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Жулани өзүнүн иш-аракеттеринин максаты “бул режимди (Асаддын – ред.) кулатуу” экенин жана ага жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга ниеттенип жатканын айтты.
“Хайат Тахрир аш-Шам” (мурдагы Жабхат ан-Нусра) террордук тобу Сириянын куралдуу оппозициясы деп аталган бир катар куралдуу түзүмдөр менен биргеликте 29-ноябрда Араб Республикасына каршы ири операцияны баштап, Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул коюшкан. Алар кеңири фронтто калктуу пункттарга жана аскердик позицияларга чабуул жасап, 29-ноябрда кеңири масштабдагы операцияга киришкен. Бир күндөн кийин, 30-ноябрда Алеппо жана анын айланасы, анын ичинде эл аралык аэропорт жана Кувейрис аскердик аэродрому террорчулардын көзөмөлүнө өткөн. Алеппо алынгандан кийин террордук топтор Мааррат ан-Нуман айылын ээлеп, Хама тарапка жылышкан.
Сирия Армиясы чабуулдун мизин кайтаруу операциясын баштады. Араб Республикасына согушкерлер менен күрөшүүсүнө орус күчтөрү жардам берүүдө.
Акыркы суткада эле Алеппо, Идлиб жана Хама провинцияларында кеминде 300 согушкер жок кылынганын Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү боюнча Орусиянын борборунун орун басарынын биринчи даражадагы капитаны Олег Игнасюк билдирди.
Буга чейин бир катар ЖМКлар террордук топтор Хама шаарына бир нече багыттан чабуул коюп, кирип барышканын, Сириянын армиясы шаардан чегингенин маалымдашкан. Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббас күчтөрдүн Хама шаарынын сыртына кайра жайгаштырылышын жайкын тургундардын өмүрүн сактап калуу менен түшүндүрүп, аны “убактылуу тактикалык чара” деп атады.