Стамбулда күтүлүп жаткан катуу жер титирөө 25 миллиондон ашуун калкы бар Мармара деңизинин аймагына көбүрөөк таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин түркиялык сейсмологдор эскертишүүдө. Бул 2045-жылдан 2075-жылга чейин болот.

Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги сейсмология профессору жана Стамбул муниципалитетинин жер титирөө илимпоздор кеңешинин мүчөсү Халук Эйидогандын билдирүүсүнө таянып жазды.
Буга чейин түрк сейсмологу Ахмет Эржан Стамбулда шаршемби күнү болгон күчү 6,2 баллдык жер титирөө андан да чоң табигый кырсыктын – 7-7,2 баллга жеткен зилзаланын жарчысы экенин билдирген.
“Очогу Мармара деңизинде болгон жер титирөөлөр болгондо, биз дайыма регионалдык катастрофа жөнүндө сөз болуп жатканын баса белгилешибиз керек. Бул бир гана Стамбул эмес, башка жактарга да таасир этет”, – деди окумуштуу Эйидоган.
Анын айтымында, табигый кырсык Бурса, Чанаккале, Текирдаг, Кожаэли, Ялова провинцияларына таасирин тийгизет. Алардын жашоочулары, айрыкча жээктеги райондордо, элементтерге даярдануу жана ийкемдүү имараттарды куруу жөнүндө кам көрүшү керек, деп баса белгиледи ал агенттик менен маектешип жатып.
Стамбулдун муниципалитети 7,5 баллдык жер титирөө болгон учурда шаардагы кеминде 90 миң имарат урап, 325 миллиард доллардан ашык зыян келтирээрин болжолдогон.
Ошондуктан провинциялардын, айрыкча жээктеги райондордун жашоочулары жер титирөөгө даяр болуу жана туруктуу имараттарды куруу маселелерине кам көрүшү керек.
Стамбулда 7,5 баллдык жер титирөө болсо, кеминде 90 миң имарат урап, 4,5 миллион адам убактылуу турак жайга муктаж болот.
Эске сала кетсек, 23-апрель күнү түштөн кийин Стамбулдун жээгиндеги Мармара деңизинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул учурда үйлөрдө катуу титирөө сезилип, дубалдар титиреп кеткен. Көптөгөн адамдар үйлөрүнөн чуркап чыгышкан.
Табигый кырсыктын кесепетинен 236 адам жабыркаган. Тилекке жараша каза болгондор же ири кыйроолор болгон жок.
Өткөн 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Зилзаланын кесепетинен өлкөнүн 11 провинциясы жабыркап, анын күчү коңшу мамлекеттерге чейин сезилген.
Ошол мезгилдин акыркы маалыматтары боюнча, Түркияда 50 миңден ашуун адам каза болгондугу кабарланган.