Жыл башынан бери Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдиктер 70 адамдын өмүрүн алып, жасалма акча жасоо менен алектенген 11 адам кармалган.
Caliber.Az түрк маалымат каражаттарына шилтеме берип маалымдагандай, ондогон дүкөндөрдө жасалма спирт сатылган.
Алсак, каза болгондордун арасында Түркиянын гана эмес, Түркмөнстандын, ошондой эле Өзбекстандын 20дан ашуун жараны бар. Жасалма алкогол Түркиядагы эң арзан мыйзамдуу алкоголдук ичимдик – пивонун жарымына барабар арзан баада же бир долларга сатылып келген.
«14-январдан 6-февралга чейин жасалма алкоголдук ичимдиктерден 70 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам Стамбулдун ооруканаларына дарыланууга кайрылышкан», – деди Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл жергиликтүү NTV телеканалына.
Рейддин жыйынтыгында милиция кызматкерлери 86 миң литрден ашык метил жана этил спиртин конфискациялашты.
Бийликтин маалыматы боюнча, Стамбул провинциясында жалпысынан 190 контрафакттык товарларды жасап сатуу менен алектенген адам аныкталып, кылмыш иштеринин алкагында 11 адам камакка алынган.
Стамбулда 14-январдан тарта алкоголдук ичимдиктерден каза болгон учурлар массалык түрдө каттала баштаган. Алар Анкарада да катталып, анда 33 адам каза болуп, 102 миң литр алкоголдук ичимдиктер алынган, жасалма алкоголдук ичимдиктерди тараткан 13 адам тергөөнүн алкагында кармалган.