Стамбул шаардык мэриясына каршы башталган коррупция боюнча тергөө боюнча айыптоо иши аяктады. Шаардын башкы прокуратурасы мурдагы мэр Экрем Имамоглуну 2430 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды.
Бул тууралуу TRT Haber жазды.
“Стамбулдун башкы прокуратурасы “Имамоглунун кылмыштуу уюму” боюнча тергөөдө жалпысынан 407 шектүү адамга, анын ичинде 105 кармалган адамга жана дагы беш кишиге айып такты”, – деп айтылат маалыматта.
Стамбулдун башкы прокурору Акин Гүрлек айыптоо 3900 беттен туруп, 402 шектүү бар экенин билдирген.
Анын айтымына караганда, Уюшкан кылмыштуулукту иликтөө бюросу “Имамоглу кылмыштуу уюму” боюнча тергөөнүн алкагында айыптоо иши боюнча чечим чыгарган.
Билдирүүдө айтылгандай, бүгүнкү күнгө карата алардын 105и кармалып, 170и соттук кароого алынган.
Айыптоодо Имамоглу “уюштуруу, паракорлук, алдамчылык, тендердик башаламандык, акчаны адалдоо жана жеке маалыматтарды таратуу” боюнча айыпталууда. Муну менен катар Имамоглу “уюмдун негиздөөчүсү жана лидери” деп мүнөздөлгөн.
Эскерте кетсек, Стамбулдун мурдагы мэри ушул жылдын март айында соттун чечими менен камакка алынган. Ал кармалгандан кийин бийлик борбордук көчөлөрдө коопсуздук чараларын күчөтүп, шаардагы ар кандай митингдерге жана демонстрацияларга тыюу салганына карабастан, Түркиянын бир нече ири шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталган.
Кошумчалай кетсек, Экрем Имамоглу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын ачык каршылашы катары белгилүү.