Сурамжылоо: Израилдиктердин көпчүлүгү Газаны басып алууга каршы

Израилдин калкынын көпчүлүгү премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газаны басып алуу чечимине каршы чыкты. Бул тууралуу Тель-Авив университетинин Улуттук коопсуздук изилдөө институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөн.

Маалыматка караганда, өлкө жарандары Израилдин эл аралык обочолонушунан кооптонуп жатышат.

Респонденттердин 54,5%ы Газанын оккупациясы боюнча чечим коопсуздук кызыкчылыгынан улам кабыл алынган эмес деп эсептейт.

Сурамжылоого катышкандардын 65%ы Коопсуздук кабинетинин Газаны басып алуу чечими Газада туткунда кармалган израилдиктерди кайтаруу процесси боюнча эч кандай жылышка алып келбегенин белгилешти.

Ал эми 43% респонденттер өкмөттүн бул пландары туткундарды бошотууга да, ХАМАСты жок кылууга да жеткирбейт деген пикирде.

Сурамжылоого катышкандардын 61%ы туткундарды кайтаруу согушту токтотуу келишими аркылуу гана мүмкүн деп эсептешет.

7-августта Израилдин Коопсуздук кабинети Газаны басып алуу планын жактырган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Газаны толугу менен көзөмөлгө алууга» ниеттенгенин айткан.

Израил Газаны 1967-жылдан 2005-жылга чейин, 38 жыл бою оккупацияда кармаган. Калкы 2,3 миллионго жакын болгон бул эксклав 18 жылдан бери катуу блокадада жашап келет.