Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында Тажикстанда калктын өсүшү дээрлик 100 миң адамды түздү.
2025-жылдын 1-июлуна карата Тажикстандын калкынын саны 10,6 миллиондон ашты. Бул тууралуу ТР Статистика агенттигинин Калктын демографиялык статистикасы, эмгек жана социалдык тармак боюнча башкармалыгы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Тажикстандын калкы 2,1%га көбөйгөн. Калктын табигый өсүшү 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 2%ды, башкача айтканда 98,9 миң адамды (ар бир 1000 кишиге 18,8 адам) түздү.
2025-жылдын январь-июнь айларында жарандык абал актыларын каттоо органдары (ЗАГС) 116,2 миң ымыркайдын төрөлүшүн жана 17,2 миң өлүмдү каттады, алардын ичинде 0,8 миңи бир жашка чыга элек наристелер.
Алдын ала баалоолор боюнча, жалпы төрөлүү коэффициенти ар бир 1000 кишиге 22,1ди, ал эми өлүм коэффициенти 3,3тү түздү.
2025-жылдын биринчи жарымында республика боюнча катталган төрөлүүлөрдүн саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,1%га өскөн.