Тажикстан менен Ооганстан чек арада дагы ок атышты

“8 Subh” басылмасынын маалыматына караганда, атышуу Тажикстандын Шамсиддин Шохин району менен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Шахри-Бузург районунун ортосунда жайгашкан Дованг айылында 25-октябрда болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңжал эки өлкөнүн ортосундагы табигый чек ара катары кызмат кылган Амударыя дарыясынын агымынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Бул маселе буга чейин эки тараптын ортосунда талаш-тартыштарды жаратып келген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, окуя кытайлык компаниялар иштеген алтын казуучу аймакта болгон.

Маалымат булактары атышууда курман болгондор бар экенин айтышууда, бирок каза болгондор менен жарадарлардын так саны азырынча тактала элек. Жабыркагандар кайсы тараптан экени белгисиз.

Чек арадагы атышуу боюнча тажик бийликтери окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми журналисттердин тажик чек ара аскерлеринен жооп алуу аракетинен майнап чыкпаганын “Азия+” агенттиги жазды.

Бул арада Талибан да расмий билдирүү тарата элек. “8 Subh” маалымат агенттиги билдиргендей, атышуудан кийин Талибан кыймылынын өкүлдөрү Бадахшандын жаңы губернатору Исмаил Газнави менен жолугушуу өткөрүп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

Шах-е-Бузург району буга чейин талиптер менен тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуулардын орун алган жери болгон.

Буга чейин Талибан кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Ооганстан менен Тажикстандын чек арасы “коопсуз жана толук көзөмөлгө алынган” деп билдирген.

“Коопсуздук үчүн эки тарап тең жооп берет жана биз өз милдеттерибизди аткарып жатабыз”, – деген ал.

Окуя Балх провинциясынын губернатору Юсуф Вафа баштаган талиптердин делегациясы Душанбеге келгенден бир нече күндөн кийин болгон.

Ал Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жана Уламалар кеңешинин башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода менен жолугушкан.

Учурда Тажикстан расмий түрдө талиптер менен түз байланышы жок экенин жарыялаган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө бойдон калууда. Душанбе Кабул бийлигин инклюзивдүү өкмөт түзүүгө жана адам укуктарын урматтоого чакырып келет.

Саясий позицияларга карабастан, Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда соода-экономикалык байланыштар жана гуманитардык кызматташтык уланууда. Ооганстандын Душанбедеги элчилигин мурдагы өкмөт дайындаган дипломат, ал эми Хорогдогу консулдукту азыркы Кабул бийлигинин өкүлү жетектейт. Ооганстанда Тажикстандын элчилиги жана консулдугу ишин улантууда.