Талибандын коомдук адеп-ахлакка көзөмөл жүргүзүүсү: өзгөрүүбү же эски тартиптин кайтып келишиби?

Афганистанда Талибан бийлигинин кайра орношу менен бул өлкөнүн элинин эң биринчи тынчсыздануусу  — 1990-жылдардагыдай “Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу” деп аталган адеп-ахлакты көзөмөлдөө топторунун көчө күзөттөрүнүн кайра пайда болушу болду. Өткөн жылы Талибан лидери “Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу мыйзамын” жарыялап, ушул негизде өлкө боюнча “мухтасабиндердин” (адеп-ахлак полициясы) иши башталган.

Талибан бул мыйзамды өз бийлигинин негизги тирөөчтөрүнүн бири деп эсептеп, аны коомдун бардык тармактарында кынтыксыз аткаруу зарылдыгын баса белгилеп келет. Ошол эле учурда “Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу мыйзамына” кыйла жумшак көз караштагы жетекчилер да бар, алар айрыкча бир топ убакыт чет өлкөлөрдө, өзгөчө Катарда жашаган же иштеген жетекчилер.

Жаңы эрежелер топтому “мохтасабиндерге” оогандардын коомдук жашоосуна кийлигишүүгө мүмкүндүк берет – алар эмне кийип, коомдук жайларда кандай жүргөндөн тартып, жарандар эмне жеп-ичкенине чейин.

“Мохтасабиндер” мыйзамдын аткарылышына жооптуу жана бардык провинцияларда иш алып барышат. Тартип бузгандарды жоопко да тарта алышат.

Афган коомчулугунун бир бөлүгү бүгүнкү күндүн реалдуулугун эске алуу зарыл экенин белгилешет: бүгүнкү күндө ар түрдүү көз караштагы жана укук-талабын активдүү билдирген эл менен 1990-жылдардагыдай мамиле кылуу мүмкүн эмес. Коомдук адеп-ахлакты өтө катуу көзөмөлдөө жана чектөөлөрдү күчөтүү — Талибандын коомдогу эң жөнөкөй максаттарга жетишине да тоскоолдук жаратышы ыктымал.

Элдин басымдуу бөлүгү мусулман экенин эске алсак, алар ислам мыйзамдарына баш ийет. Бирок, көпчүлүк үчүн аялдарды сөзсүз паранжа кийүүгө мажбурлоо же кыздардын билим алуусуна тыюу сыяктуу ашкере катаал чектөөлөр кабыл алынбайт.