Талибандын атайын күчтөрү Бадахшан провинциясында Кытайдын жарандарына кол салууларга тиешеси бар адамдардын жашыруун жайларына каршы атайын операция өткөрдү.
Бул тууралуу Афганистандын коопсуздук булактарына шилтеме берүү менен TasnimNews агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, операция кечээ түнү Бадахшандын административдик борбору Файзабад шаарынын чет жакасында жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө тажик-афган чек арасында кытайлык жарандарга кол салууга шектүү адамдардын жашырынып турган жайы бутага алынды.
Коопсуздук кызматтары операция учурунда издөөдө жүргөн бир адам тирүү кармалганын, андан ок атуучу куралдар жана бир топ ок-дары алынганын билдиришти.
Булактардын айтымында, кармалган адамдын алгачкы көрсөтмөлөрү жана тергөө жыйынтыктары кол салуунун пландалышы жана башкарылышы Афганстандан тышкары жактан жүргүзүлгөнүн көрсөттү. Маалыматта бул багыттагы иликтөө иштери улантылып жатканы кошумчаланат.
Соңку бир айдын ичинде Тажикстандын Афганистан менен чек арага жакын аймактарында кытайлык жумушчуларга эки жолу кол салуу болду. Биринчи кол салуу 26-ноябрга караган түнү болгон.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 26-ноябрга караган түнү Шамсиддин Шохин районундагы алтын казган Shahin SM LLC компаниясынын кызматкерлери турган кеңсеге Афганистандын аймагынан кол салуу болгонун билдирген. Кол салууда алтын казган компаниянын үч кызматкери кытайлык жарандар каза болгон. Кол салууда ок атуучу курал жана ракета менен жабдылган учкучсуз аппарат колдонулган.
Экинчи кол салуу 1-декабрга караган түнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Дарваз районундагы Вишхарв айылындагы Шодаки айылында болгон. Анда эки кытайлык жол куруучу каза болгон.
Тажикстан өз аймагына жасалган кол салууларды кескин айыптап, “Талибанды” чек арадагы коопсуздукту камсыздоо үчүн натыйжалуу чара көрүүгө чакырган.
Кытай ооган-тажик чек арасында өз жарандарынын өлүмү боюнча талиптердин өкмөтүнөн иликтөө жүргүзүүнү ачык талап кылган. Кытайдын өкүлү Фу Гун БУУнун Коопсуздук кеңешинин 10-декабрдагы жыйынында Пекиндин расмий талабын айтып, кытай жарандарынын өлтүрүлүшүн кескин айыптап, аны коопсуздукка олуттуу коркунуч деп атаган. Фу Кунг Тажикстан менен Талибанды мындай окуялар кайталанбашы үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө чакырган.