«Талибан» Москвадагы коопсуздук форумуна катышат

27-майдан 29-майга чейин Москвада Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин 13-эл аралык жыйыны өтөт. Буга БРИКС, ШКУ жана КМШ уюмдарына мүчө ондогон өлкөлөрдүн делегациялары менен бирге Ооганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү да катышат.

Бул учурдагы ооган бийлигин көзөмөлдөп турган «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү үчүн биринчи жолку жолугушуу.

Мындай маалыматты Орусиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын билдирүүсүнө таянып «Коммерсантъ» басылмасы жазды.

Форумдун алкагында АСЕАН, БРИКС, ШКУ жана КМШга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын катышуусунда бейрасмий көп тараптуу консультациялар болот.

Коопсуздук кеңешинин аппаратынын басма сөз кызматы белгилегендей, региондун мамлекеттери тең жана бөлүнгүс коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча Москва менен кызматташууну чыңдоого кызыкдар.
Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар заманбап чек ара чакырыктары менен коркунучтарды талкуулашат. Алар белгилегендей, бул маселелерди жалгыз чечүү мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, дүйнөлүк Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн эл аралык бирикмелеринин ролуна өзгөчө көңүл бурулат.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын августунда америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин өлкөдө бийликке «Талибан» кыймылы келип, Ислам Эмиратын жарыялаган.

Ошондон бери Орусия талиптер менен саясий байланыштарды сактап келген, бирок алардын өкмөтүн расмий тааныган эмес.

2003-жылы «Талибан» Орусияда террордук уюм катары таанылган, ал эми 2024-жылдын жазында Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги «Талибан» кыймылы өлкөнүн бардык аймагын көзөмөлдөп жатканын жүйө келтирип, тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарууну сунуштаган.

2025-жылдын апрель айында Орусиянын Жогорку Соту Башкы прокуратуранын доосун канааттандырып, «Талибан» кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

«Талибандын» тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Жогорку Соттун кыймылды террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин оң жана маанилүү кадам деп атаган.