Сенаторлор менен депутаттар тобу Орусияда тыюу салынган уюмдардын тизмесинен уюмдарды, анын ичинде эл аралык уюмдарды убактылуу чыгарууну караган мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага сунушташты, деп жазат “Интерфакс”.
Мыйзам долбооруна ылайык, террористтик уюмдардын федералдык тизмесине кирген уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу Башкы прокурордун же анын орун басарынын арызынын негизинде соттун чечими менен токтотулушу мүмкүн. Ал үчүн уюм терроризмди пропагандалоону, актоону жана колдоону токтоткондугу тууралуу фактылык далилдер болушу керек.
25-ноябрда ооган порталы “Алемара” Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен Ооганстандын вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар Ахунддун сүйлөшүүлөрү тууралуу кабарлады. Шойгу Орусиянын Ооганстан менен кызматташуусун өнүктүрүү жана саясий жана экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн тизмеден чыгаруу ниетин билдирген.
“Талибан” түзгөн өкмөттө экономикалык иштерге жооптуу Ахунд Түндүк-Түштүк экономикалык коридорун жана аймактык экономикалык байланыштарды чыңдоодо Ооганстан негизги ролду ойноого даяр экенин билдирди.
Мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамдарындагы укуктук боштукту жоюуга багытталган, анткени учурда тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу механизми жок.
Соттун чечими күчүнө киргенден кийин тизмеге өзгөртүүлөр киргизилет.