Талибан өкмөтү кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берүү ниети жок экенин билдирди

25-августта Ооганстандын жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу Нидо Мохаммад Надим кыздардын билим алуусуна байланышкан маалымат жыйынын өткөрдү.

Анда  Нидо Мохаммад Надим министрликтин бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Ооганстанда аялдар менен кыздардын билимин кайра баштоо үчүн жетиштүү шарттар түзүлө электигин айтып, журналисттердин кыздардын билим алуусу  тууралуу суроосуна  жооп берген.

Министрдин м.а. өз жообу менен талиптердин өкмөтү кыздардын жакын арада мектепке кайтып келишине уруксат берүү ниети жок экенин тактаган.

Анын айтымында, Ооганстанда аялдар жана кыздар үчүн мектептерди жана университеттерди кайра ачуу үчүн зарыл шарттар азырынча түзүлө элек.

“Окумуштуулар изилдөө иштерин улантышууда. Иликтөөнүн жыйынтыгында аялдарга ушундай билим алууга болот деген тыянакка келишсе, анда алар уруксат берилет деп ишенсе болот”, – деген.

Бирок, Надим айткан шарттардын кандай экенин,  кандай изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын жана аталган изилдөөнүн мүмкүн болгон мөөнөтүн ачыктаган эмес.

Мындан тышкары  министрдин м.а.  “Кээ бир адамдар кыздардын билим алуусу боюнча негизсиз ойлорду таратып жатканын” айтып, ислам мыйзамдарын бузуу менен элдин талабын канааттандыруу мүмкүн эместигин баса белгилеген.

Талибандын билим берүү министринин милдетин аткаруучунун бул сөздөрү өткөн аптада Ооганстанда аялдар менен кыздардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген адеп-ахлак нормалары жөнүндөгү мыйзам күчүнө киргенден кийин айтылды.

Эскерте кетсек, Ооганстан кыздарга мектепке барууга тыюу салган жалгыз өлкө.

Талибдер бийликке келген убакыт аралыгында кыз-келиндердин укуктары чектелген. Алар  бийликке келгенде аялдардын укуктарын шарыятка ылайык сактоону убада кылышкан.

Комментарий жиберүү