ТАРда массалык атышуудан тогуз адам каза болду

Белгисиз адамдар Йоханнесбургдун жанындагы калктуу конушта жайгашкан көңүл ачуу жайында ок атышты.

Түштүк Африка Республикасындагы (ТАР) Гаутенг провинциясында көңүл ачуу жайына жасалган куралдуу кол салуунун натыйжасында 9 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды.

Полиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10 куралчан адамдан турган топ Йоханнесбургдун түштүгүндө жайгашкан Беккерсдал аттуу кедей кварталдагы көңүл ачуу жайына кирип келип, элге туш келди ок жаадырышкан.

Кутулуп кетүүгө аракет кылган адамдарды кууп барып, кол салгандар алардын артына ок атышкан. Ошондой эле жолдон өтүп бара жаткан унааны да аткылап, айдоочусун өлтүрүшкөн.

Андан соң кылмышкерлер кайрадан окуя болгон жайга кайтып келишип, жерде жаткан каза болгондорду жана жаракат алгандарды тоноп, акчаларын, уюлдук телефондорун жана башка баалуу буюмдарын алып, эки уурдалган унаа менен окуя болгон жерден качып кетишкен.

https://youtube.com/watch?v=N7UfsInuMGg%3Ffeature%3Doembed

Бийлик жарандарды сак болууга чакырууда

6-декабрда ТАРдын Саулсвилл аймагындагы көңүл ачуу жайына жасалган кол салууда 12 адам, анын ичинде эки бала каза болуп, 13 адам жаракат алган.

Түштүк Африка Республикасы дүйнөдөгү кылмыштуулук деңгээли эң жогору өлкөлөрдүн катарына кирет. Акыркы жылдары жыл сайын 27 миңден ашык адам киши колдуу болуп келет.

Акыркы мезгилде кылмыштуулуктун көбөйүшүнө байланыштуу бийлик жарандарды этият болууга жана сактык чараларын көрүүгө дайыма чакырып жатат.