Тегеранда Иран президенти Раиси менен коштошууга 15 миллионго жакын адам келди

22-майда Ирандын борбору Тегеранда авиакырсыктан каза тапкан президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегация мүчөлөрү менен  коштошуу зыйнатына 15 миллионго жакын адам чогулду.

Тегерандын калкы дээрлик 13 миллион адамды түзөт. Маркумдарды акыркы сапарга узатууга борбор калаага башка жакынкы шаарлардан да жарандар келишкен.

Видеоплеер

00:00

00:44

Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат.

Маркумдардын сөөгү алгач Тебриз жана Кум шаарларына алып барылды. Ал жерлердеги тажияга жүз миңдеген адамдар чогулду.

Видеоплеер

00:00

00:58

Бүгүн Раисинин сөөгү Биржанд шаарына жеткирилди. Ал жерден да он миңдеген адамдар тосуп алды.

Видеоплеер

00:00

02:03

Андан соң Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарына алынып келинде. Маркумдун сөөгү расмий иш-чаралардан кийин жерге берилет. Ушул эле күнү Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын сөөгү Тегеран провинциясынын Рей шаарында коюлат.

Видеоплеер

00:00

01:20

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары Раисини Иран элинин «канкору» жана «касапчысы» деп, аны көптөгөн адамдар жактырбай турганын жазып чыгышкан. Бирок Раисини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миллиондогон адамдардын катышышы мындай ырастоолорду четке какты.

Дүйнө жүзү дагы бир жолу Иран элинин биримдигин жана алар өздөрү тандап алган президентине болгон сый-урматына күбө болду.

Маркум президентти жана аны менен бирге каза болгондордун элесине таазим кылып, акыркы сапарга узатууга 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келишкенин баса белгилей кетүү керек.

Ага Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Видеоплеер

00:00

00:51

Тегеранга ошондой эле Тунистин президенти Кайс Саид, Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Сириянын президенти Башар Асад, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, Армениянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин, ошондой эле ХАМАСтын лидери Исмаил Хания, Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани жана премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани, Пакистандын премьер-министри Мохаммад Шахбаз Шариф, Түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Ирактын, Алжирдин, Өзбекстандын, Казакстандын, Ливандын, Мали жана Эфиопиянын парламенттеринин төрагалары, Түркиянын жана Индиянын президенттеринин орун басарлары келишти.

Ирандын 64 жаштагы президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган. Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.

Комментарий жиберүү