Тель-Авивде Газадагы согушту токтотууну талап кылган массалык демонстрациялар өттү

Миңдеген израилдиктер Тель-Авивде Газага каршы согушту токтотууну жана Газада кармалып турган барымтадагыларды бошотуу боюнча ХАМАС менен макулдашууну талап кылган демонстрацияларды дагы өткөрүштү.

Бул тууралуу IRNA агенттиги Quds Press агенттигине таянуу менен билдирди.

Демонстрациянын катышуучулары Нетаньяхунун кабинети ХАМАС кыймылы менен барымтадагыларды алмашуу боюнча макулдашууга жетише албаганына нааразылык билдиришти.

Жөттөр “Биз биргебиз” жана “Тынчтык гана коопсуздук алып келет” деген ураандарды кыйкырып, Газадагы жөөт туткундарды бошотуу боюнча ХАМАС менен келишимди ишке ашырылышынын үзгүлтүккө учурашына каршы экендиктерин билдиришип, согуштун токтотулушун талап кылышты.

Видеоплеер

00:00

00:00

1. 171535477_480p

1:50

Буга чейин жөөт конуштарында отурукташкандар ишемби жана дүйшөмбү күндөрү Тель-Авивдин түштүгүндө демонстрацияларды өткөрүп, Газадагы туткундарды мүмкүн болушунча тезирээк кайтаруу боюнча ХАМАС менен келишимге кол коюуну талап кылышкан.

Андан мурдараак өткөн ишембиде израилдиктер президент Ицхак Герцогдун Тель-Авивдеги үйүнүн алдында анын үн катпаганына каршы митингге чыгышкан.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын Израилге каршы өткөргөн “Аль-Акса бороону” операциясында бир катар жөөтөр туткунга алынгандан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Бул аймактагы израилдик агрессиянын кеңири жайылышына карабастан, израилдик режим жөөт туткундарды бошотууга жетише алган жок. Барымтадагылардын көбү Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында аба соккуларынан жана бул режимдин артиллериясынан улам каза болду.

Тема боюнча

ЖККУ өлкөлөрү Газадагы ок атышууну токтотууга чакырышты

ЖККУ өлкөлөрү Газадагы ок атышууну токтотууга чакырышты

 29.11.2024

Барымтадагылардын үй-бүлөлөрү аларды бошотуу үчүн ХАМАС менен макулдашууну талап кылып жаткан учурда Биньямин Нетаньяху бул жааттагы бардык келишимдерге бөгөт коюуда жана бул жаатта Катар менен Египетте өткөрүлгөн бир нече айлампадагы сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС кыймылы Газадан Израилдин аймагында “Аль-Акса бороону” операциясын жүргүзүп, жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен. Израиль армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери 44 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын жана 100 миңден ашуун адам жаракат алганын билдирүүдө.

Израиль менен ХАМАС акыркы ирет туткундарды былтыр ноябрдагы кыска мөөнөттүү тынчтык келишиминин алкагында алмашкан. Анда 105 израилдик жаранга Израилдин түрмөлөрүндө жаткан 240 палестиндик алмаштырылган. Израилдин бийлиги Газада дагы 130 адам барымтада жатканын, анын 30у өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин билдирип келатышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *