Израил тарабынан жасалган агрессия учурунда Иран жөөт мамлекетине каршы жооп ирээтиндеги соккуларында биринчи жолу “Kheibar Shekan” баллистикалык ракетасын колдонгонун Ирандын маалымат каражаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө шилтеме берип кабарлашты. Бул курал Израил армиясы үчүн күтүүсүз жаңылык болду.
“Kheibar Shekan” ракетасы тууралуу эмне белгилүү
“Kheibar Shekan” — Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскердик-космос күчтөрүнүн үчүнчү муундагы катуу отундуу ракеталарына кирет. Алгачкы жолу 2022-жылы Ислам революциясынын 43-жылдыгына арналган салтанатта коомчулукка көрсөтүлгөн.
Бул ракета “Khorramshahr”дын эң акыркы муунунан, учуу аралыгы 2000 чакырымга жетет, бул аны Ирандын аскердик арсеналындагы эң узак аралыкка чейинки учкан үлгүлөрдүн бири кылат.
Ракетанын узундугу — 11,4 метр, салмагы — 6,3 тонна, анын ичинен 550 кг аскердик дүрмөткө туура келет. Сокку учурундагы дүрмөттүн ылдамдыгы 2–3 Махка жетиши мүмкүн.
Маанилүүсү, ракета акыркы этапта маневр жасоого жөндөндүү, бул аны абадан коргонуу системалары үчүн абдан кыйын бутага айлантат.
Ирандын жаңы ракетасы Израилге да, АКШга да жаңылык болду
Ирандын жаңы ракетанын түрүн колдонушу Израил үчүн да, АКШ үчүн да күтүүсүз жаңылык болду. Бул тууралуу 360.ru сайтына аскердик кагылыштар боюнча саясат талдоочу, аскерий эксперт Евгений Михайлов айтып берген.
“Бул ракета көп заряддуу, согуштук бөлүгү ракетанын өзү сыяктуу эле эбегейсиз зор кыйратуучу күчкө ээ”, – деди ал.
Михайлов ракетанын негизги өзгөчөлүгү бутага тийгенге чейин аны башкаруу мүмкүн экенин баса белгиледи.
“Азыр Израил абдан кабатыр болуп жатат, анткени мындай ракета жөнүндө мурда шектенишкен болсо, эми болсо көрүп жатышат”, – деди ал.
“Темир купол” туруштук бере алган жок
Россиялык аскердик аналитик, “Улуттук коргонуу” журналын башкы редактору Игорь Коротченко Ирандын соккуларынан кийин Израилдин мактаган “Темир Купол” абадан коргонуу системасы Ирандын орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын кармай албай, өзүнүн алсыздыгын көрсөткөнүн РИА Новости агенттигине билдирди.
“Ирандын баллистикалык ракеталары Израилдин куралдын бул түрүнүн таасирине алсыз экенин жана анын аба мейкиндигин жылчыксыз коргой албастыгын көрсөттү” — деди эксперт.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Ислам Республикасы жооп чабуулун жасаган.
Жаңжал күчөгөндөн тогуз күн өткөндөн кийин, ага АКШ киришип, 22-июнга караган түнү Американын куралдуу күчтөрү Ирандын үч өзөктүк объектисине чабуул коюшкан. 23-июнда кечинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык эң ири Катардагы Аль-Удейд аба базасына ракеталык сокку урду.
Жаңжалга 12 күн болгондо АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну толук токтотууга макул болушканын билдирген. Израилдин бийликтери АКШнын сунушун кабыл алганын ырастаган. Иран Израилди жеңгенин жарыялап, аны агрессиясын бир тараптуу токтотууга мажбур кылышканын билдирди.