Бүгүн, 26-апрель эртең менен Ооганстандан эки террорчу Тажикстандын аймагына кирип келгенин республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланыш борбору билдирди.
Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Окуя Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Ванж районунда болгон. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында террорчулар жок кылынган.
Окуя болгон жерден Калашников автоматы жана чет өлкөдөн чыгарылган тапанчалар, кол гранаталары, атайын байланыш каражаттары жана 19 таңгак жардыруучу зат табылган.
Атайын комитеттин өкүлдөрүнүн айтымында, кылмышкерлер Тажикстандын аймагына террордук акт жасоо максатында киришкен.
Операция учурунда карапайым калк жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабыркаган жок.Учурда террорчуларды жана алардын ыктымал шериктерин аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Бул АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лунун Тажикстанга сапарынын алдында болуп жатат. Анын делегациясынын курамында Пентагондун, Улуттук коопсуздук кеңешинин, Эл аралык өнүктүрүү каржы корпорациясынын жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) өкүлдөрү да бар.Кечээ, 25-апрелде “Conflict Zone KG” телеграмм-каналы тажик-ооган чек арасында тажик чек арачылары менен ооган согушкерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан тең каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин маалымдаган. Бирок курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча тастыктала элек.https://t.me/conflict_zone_kg/14558?embed=1Бул тууралуу Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы маалыматка таянып Заманбап Ооганстан боюнча россиялык эксперт Андрей Серенко да жазды.”Бүгүн талиптер менен кагылышуулар бардык жерде болуп жатат. Хорогдон брондолгон унаалар, тик учактар жана аскерлер өтүп жатат”, — деген катталуучусунун маалыматын келтирген Серенко. Ушул эле булак эки күн мурда бир нече күн мурун Ооганстандан Тажикстандын аймагына 15ке жакын согушкер кирип келгенин билдирген.


Эске салсак, буга чейин Жамааттык коопсуздук келишими уюму Ооганстанда террордук топтордун активдешип жатканына жана алардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келүү коркунучуна тынчсыздануусун билдирген.