Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Иран Ислам Республикасындагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду.
“Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын 28 жараны Иран Ислам Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин “Астара” көзөмөл-өткөрүү пунктун ийгиликтүү кесип өттү”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.
Тема боюнча

Путин менен Эрдоган Израилдин Иранга каршы операциясын айыпташты
Ведомство учурда эвакуацияланган жарандардын Азербайжандан жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 13-июндагы билдирүүсүндө Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирген.
Мекеме Израиль мамлекети менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу аталган өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандык жарандарга кайрылып, жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.
Тышкы иштер министрлиги дагы башка билдирүүсүндө Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууга чакырып, жарандарга жогорку деңгээлде этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоону сунуштаган.
Израиль-Иран чыр-чатагынын курчушу
13-июнь таң эрте Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Иранга каршы кеңири масштабдагы операцияны баштаган. Анын алкагында Аба күчтөрү Ирандын аскердик объекттерине жана өзөктүк программасына байланышкан буталарга сокку урган. Чабуулдар Ирандын бир нече аймагына, анын ичинде Тегеранга да жасалды. Анда Ирандын бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, анын ичинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, ошондой эле бир катар физик окумуштуулар каза болушту.
Ошол эле күнү Иран ага ракеталык чабуулдардын бир нече толкуну менен жооп берди. 14-июнда жана 15-июнга караган түнү Израил менен Иран бири биринин аймагына кайрадан сокку урушту. Эки тарап тең кол салууларда курман болгондор жана жоготуулар болгонун билдиришти.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хоссейн Керманпур Израилдин Ислам Республикасынын аймагына жасаган чабуулдары башталгандан бери Иранда бир жарым миңдей киши жарадар болгонун, анын ичинен 220дан ашыгы каза болгонун билдирген. Керманпурдун айтымында, курман болгондордун 90%дан ашыгы жай тургундар.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Израилдин Иранга жасаган үч кол салуусунда 70тен ашуун аялдар жана балдар каза болгонун билдирди.
The Times of Israel гезити Ирандын Израилге жасаган соңку ракеталык соккусунан 4 адам өлүп, 87 киши жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын жазды.