ТИМ кыргызстандыктарды Россияга убактылуу барбай турууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарды Россия Федерациясына убактылуу барбай турууну сунуштады.

Тиешелүү билдирүү ведомствонун сайтында жарыяланды.

“Россия Федерациясынын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Элчилик Россия Федерациясына кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жарандары зарылчылык болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 телефондору аркылуу байланышса болот.

Эске салсак, Тышкы иштер министрлиги май айында дагы кыргызстандыктарды Россияга барууга жүйөлү негиз болбосо, сапарга аттанбай турууну сунуштап, кошумча коопсуздук чаралары жана чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин Россияга барбай туруу керектиги эскертилген.

Комментарий жиберүү