Өзөктүк жарылуулар айлана-чөйрөгө узак мөөнөттүү жана кыйратуучу таасир этүүчү радиацияны калтырат.
АКШ президенти Дональд Трамптын «өзөктүк курал сыноолорун дароо баштоо» тууралуу буйругу кайрадан өзөктүк сыноолор кандай өтөрү жана алардын зыяндуулугу тууралуу талкууларды жандандырды.
29-октябрда Трамп Коргоо министрлигине (Пентагонго) өзөктүк куралды «дароо» сыноо боюнча буйрук бергенин жарыялады.
Трамп бул чечимин башка өлкөлөрдүн сыноо программалары менен түшүндүрүп, Россия жана Кытай курал-жарак жарышында артта калганын «толуктап алышканын» белгиледи.
АКШнын акыркы расмий өзөктүк сыноосу 1992-жылы президент Жорж Буштун тушунда өткөрүлгөн.
Трамптын чечими боюнча белгисиздик
Трамптын өзөктүк сыноолор тууралуу билдирүүсү саясатчыларды да, коомчулукту да түшүнбөстүккө салды.
АКШ президенти чындап өзөктүк жарылуучу куралды тестирлөөнүбү же болгону өзөктүк жүк көтөрүүчү ракеталарды текшерүүнүбү көздөгөнү белгисиз. Бирок Трамп сунуштаган АКШнын Стратегиялык командасынын жетекчилигине талапкер Ричард Коррел бул билдирүүнү «эки мааниде түшүнсө болот» деди.
Анын айтымында, бул сөз «өзөктүк жарылууларды баштоо» дегенди билдирбейт:
«(Трамп) өзөктүк куралды тең шартта сыноо жөнүндө айтты. Акыркы мезгилде Кытай да, Россия да жарылуучу өзөктүк сыноо жүргүзгөн эмес. Ошондуктан мен бул сөздөргө олуттуу маани бербейм».
Демократ сенатор Джеки Розен «өзөктүк сыноолорду баштоого эч кандай себеп жок» экенин белгилеп, бул чечимге жол бербөө үчүн бардыгын кыларын айтты.
Өзөктүк жарылуулар жана алардын түрлөрү
Ачык маалыматтарга ылайык, өзөктүк жарылуу — бул өзөктүк реакциянын натыйжасында энергиянын өтө тез бөлүнүшү. Бул реакция «өзөктүк бөлүнүү» же «өзөктүк кошулуу» (синтез), же экөөнүн айкалышы болушу мүмкүн.
Жарылуу маалында энергия айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенип, жер аркылуу, океан жана атмосфера аркылуу сейсмикалык жана үн толкундарын таратып чыгарат.
Өзөктүк жарылуудан кийин радиация калат, ал айлана-чөйрөгө жана адамдарга узак мөөнөттүү жана кыйратуучу таасир берет. Сыноолор үч түргө бөлүнөт: атмосфералык, суу алдындагы жана жер алдындагы.
Атмосфералык сыноолор — бул жарылуулар асманда, мунараларда, аба шарларында же учактар аркылуу жүргүзүлөт. Бул сыноолор жалпы сыноолордун 25 пайызын түзөт. Радиациялык бөлүкчөлөр шамал аркылуу чоң аймактарга жайылып, ден соолукка олуттуу зыян келтирет.
АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин (EPA) маалыматына ылайык, радиоактивдүү заттар 80 км бийиктикке чейин көтөрүлүшү мүмкүн. «Бул бөлүкчөлөр жылдар бою Жерди айланып, андан соң жаан же кар аркылуу кайра түшөт» деп айтылат отчеттордо.
Суу алдындагы сыноолор — чоң көлдөрдө же деңиздерде жүргүзүлөт. Алар суу флорасы жана фаунасы үчүн өтө зыяндуу, анткени радиоактивдүүлүк суу аркылуу кеңири жайылат.
Жер алдындагы сыноолор — толук жабык шартта өткөрүлүп, радиоактивдүү калдыктардын сыртка чыгышын азайтат. Ошондуктан муздак согуш маалында АКШ жана СССР бул ыкманы көбүнчө колдонушкан. Бирок мындай сыноолор жерге радиоактивдүү калдыктардын агып чыгуу коркунучун жаратат.
Жер алдындагы сыноо процесси
Сыноо үчүн калктуу аймактардан алыс жер тандап алынат. Жердин геологиясы алдын ала изилденет.
Ядролук түзүлүш 200–800 метр тереңдиктеги тешикке жайгаштырылат. Мониторинг үчүн свинецтен жасалган жабдуу орнотулуп, шахта шагыл, кум жана гипс менен толтурулат.
Андан кийин түзүлүш алыстан жардырылат. Натыйжада ысык радиоактивдүү газга толгон жер алдындагы камера пайда болуп, жер титирөөгө окшош сейсмикалык толкундар тарайт. Кээ бир учурларда бетинде чоң кратер калат.
Атмосфералык жарылууларда болсо чоң от шары жана «гриб» түрүндөгү булут пайда болот. Радиоактивдүү чаң шамал аркылуу жүздөгөн чакырымга чейин жетиши мүмкүн.
Адистердин пикири: сыноолорду кайра баштоо жылдарга созулушу мүмкүн
Невададагы мурдагы сыноо базасынын кызматкерлери Washington Postко берген маегинде, Трамптын планы өтө татаал жана кымбатка түшөрүн белгилешкен.
Алардын айтымында, азыркы өзөктүк изилдөөлөр компьютердик моделдер аркылуу жүргүзүлүп, реалдуу жарылуулар талап кылынбайт. Көпчүлүк адистер «физикалык тажрыйба жоголгон» деп эсептешет.
Жабдуулардын абалы «эскирген, дат баскан» деп сүрөттөлүп, сыноо полигондорун кайра куруу зарылдыгы айтылууда. Кызматкерлердин жетишсиздиги жана өкмөттүн кыскартуулары да бул процессти узартары белгиленет.
Радиациянын эң чоң коркунучу — төрөлө элек ымыркайларга
Адистердин айтуусу боюнча, өзөктүк жарылуу маалында бөлүнгөн радиоактивдүү бөлүкчөлөр адамдарга, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө терс таасир этет.
Колумбия университетинин профессору Норман Клейман радиация ДНКны бузуп, кыска мөөнөттө оор илдеттерге, ал эми узак мөөнөттө рак коркунучунун өсүшүнө алып келерин белгиледи.
Ал өз сөзүндө мындай деди:
«Эң чоң коркунуч төрөлө элек балдар үчүн. Алардын клеткалары тез өсөт жана бул процессте каталардын чыгуу ыктымалдыгы өтө жогору».
Өзөктүк сыноолордун тарыхы
АКШ 1945-жылы Нью-Мексико штатындагы Аламогордо чөлүндө биринчи өзөктүк сыноону өткөргөн. Ошол эле жылы 6-августта АКШнын B-29 «Энола Гей» учагы Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган.
1945–1996-жылдар аралыгында дүйнө жүзүндө 2000ден ашуун өзөктүк сыноо өткөрүлгөн. 1996-жылы кабыл алынган Өзөктүк сыноолорду толук тыюу салуу келишими (ДВЗЯИ) мындай сыноолорду бардык чөйрөдө тыюу салган, бирок ал азыркыга чейин күчүнө кире элек — 8 мамлекет аны ратификациялаган эмес.
Статистика боюнча:
АКШ — 1032 сыноо (1945–1996)
СССР — 715 сыноо (1949–1990)
Улуу Британия — 45 сыноо
Франция — 210 сыноо
Кытай — 45 сыноо
1998-жылы Индия жана Пакистан дагы өзөктүк сыноолорду өткөрүшкөн.
Өзөктүк куралдардын кору
Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь айына карата дүйнөдө 12 121 өзөктүк ок-дарылуу бар.
Анын ичинен:
9 585 — аскердик кампаларда,
3 904 — активдүү даярдыкта,
2 100 — жогорку даярдык абалында.
Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү:
Россия — 5 580
АКШ — 5 044
Кытай — 500
Франция — 290
Улуу Британия — 225
Индия — 172
Пакистан — 170
Израиль — 90
Түндүк Корея — 50
Бул маалыматтар дүйнөдө өзөктүк курал коркунучу дагы эле олуттуу экенин жана анын экологиялык, гуманитардык кесепеттери глобалдык деңгээлде тынчсыздануу жаратарын көрсөтөт.