Трамп бийликке келсе, Европада эң чоң кризис болушу күтүлүүдө

Эгер  мурдагы президент Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса, Европа Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки эң оор коопсуздук кризисинин чордонунда калышы мүмкүн.

Бул тууралуу америкалык Foreign Affairs журналы жазды.

«Европа (Трамптын жеңиши менен) Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери туш келбеген масштабдагы коопсуздук кризисине кабылууга аргасыз болот», – деп жазат басылма.

Ошол эле маалда, журналдын билдирүүсүндө, эгер Кошмо Штаттар аймактагы аскерий жетекчиликти жана мүмкүнчүлүктөрдү адекваттуу камсыз кылбаса, Европанын борборлору «Украина боюнча тез арада бири-бирине каршы чыгышы мүмкүн».

Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү Украинаны күчтөндүрүү үчүн “аракетин эки эсеге көбөйтүшү мүмкүн”, ал эми Батыш Европа Кошмо Штаттары жокто Украинаны Орусияга олуттуу жеңилдиктерди жасоого мажбурлоо эң жакшы вариант деп чечиши мүмкүн.

Булак: Calibre.Az

Комментарий жиберүү