Америка Кошмо Штаттары Венесуэлага каршы кысым кампаниясын улантууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла жана анын тегерегиндеги аба мейкиндиги толугу менен жабылганын 29-ноябрда TruthSocial социалдык тармагындагы баракчасынан билдирди.
“Бардык авиакомпаниялар, учкучтар, баңгизат жана адам сатуучулар: Венесуэланын жана анын тегерегиндеги аба мейкиндиги толук жабылды деп эсептегиле”, – деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Венесуэланын бийликтери ошол эле күнү бул билдирүүнү кескин түрдө четке кагып, Кошмо Штаттардан өлкөнүн аба мейкиндигин урматтоону талап кылды жана БУУ менен Эл аралык жарандык авиация уюмун Вашингтондун билдирүүсүн айыптоого чакырды, Каракас бул билдирүүнү күч колдонуу коркунучу деп эсептейт.
АКШ Кариб деңизинин аймагындагы аскердик катышуусун баңги аткезчилигине каршы күрөшкө шылтоолоп актап жатат. Сентябрь жана октябрь айларында ал Венесуэланын жээктеринде маңзат ташыган делген кайыктарды жок кылуу үчүн куралдуу күчтөрүн бир нече жолу колдонгон. Сентябрдын аягында NBC телеканалы америкалык аскерлер Боливар республикасынын ичиндеги баңги аткезчилерин бутага алуу варианттарынын үстүндө иштеп жатканын билдирген.
3-ноябрда Трамп Николас Мадуронун Венесуэланын лидери катары күндөрү саналып калды деген оюн билдирип, Кошмо Штаттардын республикага каршы согуш ачуу планы жок деп ишендирген. Каракас бул аракеттерди аймакты туруксуздаштырууга багытталган провокация жана Кариб деңизинин демилитаризацияланган жана өзөктүк куралсыз статусу жөнүндө эл аралык келишимдерди бузуу катары баалаган.
Маңзат үчүн күрөшпү же мунай үчүн күрөшпү?
Венесуэланын президенти Николас Мадуро ОПЕКтин башкы катчысы Хайсам аль-Гайска кат жолдоп, анда АКШ Венесуэланын эң ири мунай запастарын ээлеп алгысы келип жатканын билдирди.
Анын айтымында, АКШ дүйнөдөгү эң ири мунай запастарына ээ болгон Венесуэланы күч колдонуу жолу менен басып алууну көздөп жатат. Бул дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу тең салмакка олуттуу таасир этет.
“Венесуэла расмий түрдө ОПЕКке жана ОПЕК+ механизмине АКШ өкмөтү планетадагы эң ири деп эсептелген Венесуэланын мунай запастарын өлкөнүн аймагына, элине жана институттарына карата өлүмгө алып келүүчү аскердик күч колдонуу аркылуу ээлеп алууну көздөп жатат. Бул ниет улуттардын тынч жашоосун жөнгө салган жоболорго каршы келип, Венесуэланын мунай өндүрүшүнүн жана эл аралык мунай рыногунун туруктуулугуна олуттуу коркунуч жаратат”, — деп айтылган каттын көчүрмөсүн Венесуэланын вице-президенти Дельси Родригес өзүнүн Telegram-каналында жарыялады.
Мадуро катында белгилегендей, август айынын ортосунан тартып АКШ президенти Дональд Трамп Боливариан Республикасына каршы куугунтук жана коркутуу кампаниясын жүргүзүп, регионалдык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч жаратууда.
Анын айтымында, Вашингтон Кариб деңизине кеминде 14 аскердик кемени жана 15 миңге чейин аскер кызматкерин жайгаштырган, мындан тышкары чакан кемелерге 20дан ашуун сокку жасап, 80ден ашык сотсуз өлтүрүүлөргө барган. Ал АКШ бийлиги күч колдонуу менен коркутууларын тынымсыз жана системалдуу улантып, БУУнун Жарлыгын жана эл аралык укуктун нормаларын бузуп жатканын кошумчалады.
Венесуэла лидери ОПЕК жана ОПЕК+ мүчөлөрүн, ошондой эле башкы катчыны АКШнын күчөп бараткан агрессиясын токтотууга көмөктөшүүгө чакырды. Анын айтымында, бул агрессия эл аралык энергетикалык рыноктун тең салмактуулугуна — өндүрүүчү жана керектөөчү өлкөлөр үчүн да бирдей олуттуу коркунуч жаратууда.
Буга чейин Иран Ислам революциясынын лидери Али Хаменеи АКШнын мунай жана жер астындагы байлыктар үчүн дүйнөдө согушту тутантуу аракети азыр Латын Америкасына жеткенине ишара кылып, АКШ Венесуэлада баңгизаттар менен күрөшүп жатканынан күмөн санап, Трамптын администрациясынын Венесуэлага жасаган кысымы биринчи кезекте дүйнөнүн эң ири мунай запастарына жетүү максатын көздөй турганын билдирген.
Колумбиянын президенти да Трамптын администрациясынын Венесуэлага каршы кысым кампаниясы баңги аткезчилиги менен күрөшүүгө эмес, Түштүк Американын бул өлкөсүнүн мунайына жетүү үчүн көбүрөөк багытталганын айткан.