Кечээ, 28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен пайдалуу кендер боюнча келишим түзүү үчүн Ак үйгө келген.
Жолугушуу учурунда АКШ менен Украинанын президенттеринин ортосунда өзгөчө Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери боюнча ачык маектешүү учурунда Зеленский Трамптын сөзүн бөлүп, талашып-тартышып, прессага орой мамиле жасаган. Бул АКШ президентинин катуу реакциясын жаратты.
Тараптардын эмоционалдуу сүйлөшүүсү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары менен соцтармактарда кызуу талкуунун жаралышына жем таштады.
АКШ президенти Зеленский Украинада тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр эмес экенин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Орусия менен сүйлөшүүлөр
Трамп жолугушуунун башында Орусия менен сүйлөшүүлөрдү абдан жакшы деп атады.
“Биз келишим тууралуу сүйлөшүүбүз керек”, – деп баса белгиледи ал.
Трамп Москва менен Киев жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүүгө абдан жакын экенин белгиледи.
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун коркунучу
- Украина жетекчилиги Орусия менен тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселеси боюнча компромисске барышы керек.
- Зеленский “Үчүнчү дүйнөлүк согуш менен” ойноп жатат: “Силер азыр жакшы позицияда эмессиңер. Силерде жоокерлер түгөнүп баратат, ошол эле учурда силер ок атышууну каалабай жатканыңарды айтып жатасыңар” – деди Трамп.
- Америка лидери жаңжалда “АКШ Украина тараптабы” деген суроону келесоолук деп атап, Зеленский жаңжалды жөнгө салууга умтулбаса, Вашингтон Киевди колдоодон баш тартат деди. Трамп тараптар келишим түзөрүн, же болбосо АКШ “кетээрин” кошумчалады. «Силер акырына чейин күрөшөсүңөр, бирок силерде эч кандай көзүр жок», – деп баса белгиледи ал.
- Трамп АКШ Украинага көп курал-жарак жөнөтпөйт деген үмүтүн айтып, бирок мындай жеткирүүлөр болорун билдирди.
Овал кабинетиндеги талаш-тартыш
- Трамп Зеленскийдин бул өлкөгө сапары тууралуу эмес, Украинадагы кризисти чечүү үчүн келишимге жетишүү тууралуу сүйлөшкүсү келгенин айтты.
- Зеленский америкалык лидер менен талашып-тартышууга аракет кылып, кээде анын алдында басма сөздүн суроолоруна жооп берип жатып кыйкырып, түз эле сөздү үзүп же журналисттердин айрым суроолоруна орой жооп берген. Сүйлөшүүнүн акыркы мүнөттөрү көтөрүлгөн үн менен өттү.
- “Сиз жетиштүү айттыңыз. Силер жеңбей жатасыңар. Силерде биз менен бирге бул абалдан чыгууга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар”, – деди Трамп сөздү бөлүп, Зеленскийге үнүн бийик чыгарып.
- Трамптын айтымында, эгер Украинада америкалык курал болбогондо, бул жаңжал эки жумада бүтмөк.
- АКШнын вице-президенти Жэй Ди Вэнс “Овал кабинетине кирип, америкалык маалымат каражаттарынын алдында талашууга аракет кылууну” сыйлабастык деп атады.
- Трамп Зеленский тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр эмес экенин кошумчалады. “Сиздин жасап жаткан ишиңиз өлкөгө, бул өлкөгө өтө урматсыздык”, – деп белгиледи америкалык лидер.
- Зеленский кызуу талкуудан кийин Ак үйдөн эрте чыгып кетти. Андан кийин биргелешкен маалымат жыйыны да жокко чыгарылды.
- Бул окуядан соң АКШ менен Украинанын ортосундагы кен байлыктар боюнча келишимге кол коюу жокко чыгарылганын Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.
Россиядагы реакция
- Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Трамптын Зеленскийге карата риторикасын “катуу урушуу” деп атап, бирок бул жетишсиз экендигин белгиледи.
Ошону менен катар Медведев Киевдин “фашисттик машинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтотууга” чакырды. - Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Зеленскийдин Ак үйдөн чыгып кеткен тасмасын “Ленинград тобунун” астында көрүүгө болот деп эсептеди.
- Орусиянын түз инвестициялык фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдөгү кырдаалды тарыхый деп атады.
- Федерация Кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев Зеленский чындыкты түшүнбөгөндүгүн жана чынчыл сүйлөшүүгө даяр эмес экендигин көрсөткөнүн белгиледи.
- Орусиянын тышкы иштер министрлигинин Киев режиминин кылмыштары боюнча өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник Зеленский Ак үйдөн катуу сөгүш алганын, анын Украина үчүн андан кем эмес кесепеттери болорун белгиледи.
- Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунда болгон “эпикалык драмадан” кийин АКШ президенти Киев режиминин башчысы тынчтыкка даяр эмес экенин түшүндү деди Орусиянын либералдык-демократиялык партиясынын лидери Леонид Слуцкий.
Дүйнөдөгү реакция
- Илон Маск Зеленский Америка элинин көз алдында өзүн жок кылганын айтты.
- Франциянын президенти Эммануэль Макрон жардам көрсөткөндөргө ыраазы болушу керектигин билдирди.
- Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский Владимир Зеленскийдин араздашуу жана америкалык президентке эмоционалдык басым көрсөтүү аракети Вашингтондун Киевди колдоосунан толук ажырап калышына алып келиши мүмкүн деп эсептеди.