Трамп Мохаммед Аль-Жуланини бийликке өзү алып келгендигин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы ишмердүүлүккө Мохаммед Аль-Жуланини өзү тартканын расмий түрдө айтканын маалымдалды.

Трамп: «Айтышым керек, Сириянын президенти — аны мен, негизинен, өзүм ал жакка койгом — чоң иш аткарып жатат», — деди.

Азыркы Сирия өкмөтүнүн башчысы «Абу Мохаммед Аль-Жулани» буга чейин «Хайят Тахрир аш-Шам» уюмун жетектеп, кийин Башар Асаддын бийлигин кулаткандан соң бийликке келген.

«Хайят Тахрир аш-Шам» мурда «Джабхат ан-Нусра» деген ат менен белгилүү болуп, 2016-жылга чейин Сириядагы «Аль-Каиданын» расмий бөлүмү катары эсептелген. 2014-жылдын май айынан тарта бул уюм БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Аль-Каида» жана ИШИМге каршы санкциялык тизмесине киргизилген.

Мындан тышкары, бир нече саат мурда Associated Press агенттиги документке шилтеме жасап, Дональд Трамптын администрациясы АКШнын Дамасктагы элчилигин кайра ачуу ниети тууралуу Конгрессти кабардар кылганын билдирген.