АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Вашингтон мындан ары Израилге Иран менен болгон кагылышууда жардам берүү үчүн өз аскерлерин колдонбой турганын айтты. Бул тууралуу Washington Post гезити Ак үйдөгү жогорку даражалуу кызматкерге таянып жазды.
«Трамп премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга чалып, АКШ Израилге Иран менен болгон согушунда жардам берүү үчүн мындан ары өзүнүн аскер күчтөрүн колдонбойт деп айтты», – деп жазат басылма.
Маалыматка ылайык, америкалык лидер израилдик премьерге АКШ аскерлери «зарыл болгон нерсени жасады» деп билдирген. Маалымат булагынын билдирүүсүнө караганда, Нетаньяху бул билдирүүгө нааразы болгон, бирок Трамп «дипломатияга өтүүнү каалаганын» түшүнүп, ок атууну токтотууга макул болгон.
Мындан тышкары, басылма белгилегендей, АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккуларынан жана алардын ийгиликтүү болгону тууралуу маалыматтардан кийин Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча өзүнүн атайын өкүлү Стив Уиткофко ирандык тарап менен кайра байланыш түзүүнү тапшырган. Бир аз убакыттан соң Уиткоф Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен сүйлөшүп, Тегеранды кайрадан сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырган.
Израил 13-июнга караган түнү Иранга каршы операция баштап, аны жашыруун аскердик-өзөктүк программаны ишке ашырып жатат деп айыптаган. Израилдин аба соккуларынын жана диверсиялык топторунун максаттары атомдук объектилер, генералдык курам, көрүнүктүү өзөктүк физиктер жана аба базалар болгон.
Иран айыптоолорду четке кагып, жооп иретинде сокку урган. Тараптар 12 күн бою бири-бирине сокку жасап келишкен. Бул аралыкта АКШ да кошулуп, 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объектилерине бир жолку чабуул жасаган. Андан кийин 23-июнь кечинде Тегеран Катардагы Эль-Удейддеги АКШ базасына ракеталык сокку урганын жарыялап, иран тарап мындан ары чыңалууну күчөтүүнү каалабай турганын билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп мунун артынан Ирандын АКШнын Катардагы аскердик базасына жасаган соккусун «ачуусун чыгарып алды» деп атап, эми Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жана келишимге жол ачылышы мүмкүн экенине ишеним билдирди. Ал ошондой эле Израил менен Иран 12 күндүк согушту токтотуп, 24 сааттын ичинде «расмий ок атышууну токтотуу» тууралуу келишимге жетишкенин билдирди.