Трамп палестиналыктарды колдогон демонстрацияларга катышкан студенттерди депортациялоого убада берди

АКШнын президенти Дональд Трамп антисемитизм менен күрөшүү боюнча жаңы чараларды белгилеген буйрукка кол койду. Тиешелүү документке 29-январда кол коюлуп, Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

“АКШнын саясаты антисемитизмге каршы катуу күрөшүп, мыйзамсыз антисемиттик куугунтук жана зордук-зомбулукка күнөөлүүлөрдү куугунтуктоо, четтетүү же башка жол менен жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык колдо болгон жана тийиштүү укуктук каражаттарды колдонуу болушу керек”, – деп айтылат документте.

Тактап айтканда, документте 2023-жылдын 7-октябрында башталган Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы чыр-чатактан кийин жөөт студенттери дискриминацияга туш болуп, жалпы аймактарга жана кампустун объектилерине, анын ичинде китепканаларга жана класстарга кирүүсүнө тыюу салынып, ошондой эле коркутуу, куугунтуктоого дуушар болгондугу айтылат.

Маалыматт белгиленгендей, азыркы жарлык Трамптын биринчи администрациясынын тушунда кабыл алынган мурунку жарлыкты толуктайт. Бирок документти АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясы дээрлик жокко чыгарган.

Буга чейин Ак үйдүн өкүлү Трамп антисемитизм менен күрөшүү боюнча буйрукка кол коёрун жана палестиналыктарды колдогон демонстрацияларга катышкан өлкөнүн жараны эмес чет элдик студенттерди жана башка иммигранттарды депортациялоону убада кылганын жарыялаган.

Анда Юстиция министрлиги тарабынан америкалык жөөттөргө карата өрт коюу, вандализм жана зордук-зомбулук коркунучтарын аныктоо үчүн  токтоосуз чара көрөрү убада кылынган.

“АКШда жашаган, жихадчылардын нааразылык акцияларына кошулган бардык чет элдик жарандарга эскертебиз: 2025-жылы силерди таап, депортация кылабыз. Ошондой эле университет кампустарындагы радикализм менен ооруган бардык ХАМАСтын тарапкерлеринин студенттик визаларын тез арада жокко чыгарам”, – деген Трамп жарлыкта.

Жарлыкка ылайык, агенттик жана департамент башчылары 60 күндүн ичинде антисемитизм менен күрөшүү үчүн колдонулушу мүмкүн болгон бардык кылмыш жана жарандык укук коргоо аракеттери боюнча сунуштарды Ак үйгө бериши керек.

Трамп президенттик кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы жарлыктарга – 38 документке кол койду.

Эске салсак, Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал башталгандан бери АКШдагы көптөгөн университеттер, айрыкча Нью-Йорктогу Колумбия университети палестиналыктарды колдогон демонстрацияларды өткөрүү жайына айланган. Ага катышкан студенттер өз университеттерин Израиль менен финансылык байланыштарын үзүүгө жана Кошмо Штаттарды Израилге аскердик колдоосун токтотууга чакырышкан.