Трамп тез арада өзөктүк куралды сыноону баштоону буйруду. Россия менен Кытайдын реакциясы

АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк куралды сыноону дароо баштоону тапшырганын өзүнүн Truth Social социалдык тармагы аркылуу билдирди.

“Мен Согуш министрлигине биздин өзөктүк куралдарды бирдей шартта сыноону баштоону тапшырдым.  Бул процесс дароо башталат”, — деп жазды Ак үйдүн башчысы.

Трамп мындай чечимин башка мамлекеттерде да сыноо программалары бар деген жүйө менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, АКШ эң чоң өзөктүк арсеналга ээ, бирок Кытай аны беш жылдын ичинде кууп жете алат.

Кийинчерээк Трамп өз билдирүүсүндө бул чечим өзөктүк коркунучтарды күчөткөн жок деп белгиледи.

Ошондой эле ал АКШда өзөктүк сыноолор үчүн атайын полигондор бар экенин, ал эми сыноолор тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

Россиянын реакциясы

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Россия менен АКШнын ортосунда жаңы курал-жарак жарышы башталды деп эсептебей турганын билдирди.

“Жок, андай эмес”, — деди Песков журналисттердин Трамптын сөздөрүн жаңы курал жарыштын башталышы катары баалоого болобу деген суроосуна жооп берип жатып.

РФ президенти Владимир Путин 28-октябрда Россиянын “Посейдон” суу астындагы аппараты жана 26-октябрда “Буревестник” ракетасынын сыноолору ийгиликтүү аяктаганын маалымдаган.

Эске салсак, атмосферада, космостук мейкиндикте жана суу алдында өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1963-жылдын 5-августунда Москвада СССР, АКШ жана Улуу Британия тарабынан кол коюлган.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин айрым мамлекеттер өзөктүк сыноолорго даярданып жатканы Россияга белгилүү экенин, эгер мындай кадам жасалса, Москва да жооп кайтарарын эскерткен.

Кытайдын билдирүүсү

Кытай Эл Республикасы АКШ эл аралык милдеттенмелерин сактап, өзөктүк сыноолорду өткөрбөйт деп үмүттөнөрүн билдирди.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь билдирди.

“Кытай АКШ өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишими боюнча милдеттенмелерин жана өзөктүк сыноолорду токтотуу боюнча убадасын ак ниеттүүлүк менен аткарат деп үмүттөнөт”, – деп баса белгиледи ал брифингде Трамптын бул маселе боюнча жакында жасаган билдирүүсүнө комментарий берип жатып.

Анын айтымында, Вашингтон өзөктүк куралсыздануу жана аны таркатпоо эл аралык режимин реалдуу аракеттер менен колдоого тийиш. Го Цзякунь муну менен АКШ глобалдык стратегиялык тең салмактуулук жана туруктуулукту сактоого көмөк көрсөтөт деп белгиледи.