Трамп Цукербергди түрмө менен коркутту

АКШнын Республикачыл партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Meta′нын негиздөөчүсү жана Facebook′тун ээси Марк Цукербергди, эгер президенттик шайлоого кийлигише турган болсо, анда ал өмүрүнүн калган бөлүгүн абакта өткөрөөрүн билдирди.

Бул тууралуу Politico гезити жазып чыкты.

Саясатчы 3-сентябрда жарыкка чыга турган “Американы сактайлы” аттуу китебинде Meta′нын жетекчиси 2020-жылдагы шайлоодо ага каршы кутум уюштурганын жана эгер ал муну кайра кайталаса, анда ал “өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөрөт” деп айтканын жазган.

Ал китепте Трамптын Цукерберг менен Ак үйдөгү жолугушуусунда түшкөн сүрөтү бар. Сүрөттүн астында экс-президент Facebook′тун негиздөөчүсү жубайы менен жолугушууга келгенин жазат.

Трамптын оюнда, Цукерберг ага каршы кутум уюштурар алдында, “болушунча элпек көрүнүүгө аракет кылган”.

Politico басылмасы, Трамп Цукерберг менен жубайы Присцилла Чандын 2020-жылдагы шайлоо учурунда шайлоо инфраструктурасын каржылоого кошкон 420 миллион долларлык салымын айтып жатса керек деп эсептейт.

Басылма: «Ал мага Facebook′та Трампка окшош эч ким жок экенин айткан. Бирок, ошол эле учурда эмнегедир муну мага каршы колдонду. Биз аны тыкыр көзөмөлдөп жатабыз, эгер ал бул жолу да мыйзамсыз иш кылса, анда 2024-жылдагы президенттик шайлоодо алдамчылык кылган башкалардай болуп, өмүрүнүн аягына чейин абакта отурат», – деген китептеги үзүндүнү жарыялады.

Буга чейин Цукерберг Трампты же АКШнын азыркы президенти Жо Байденди колдобой турганын Bloomberg жазып чыккан.

Комментарий жиберүү